Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:57

ҮМҮТТӨРДҮ ТУМАН БАСТЫБЫ?


Оппозиция дагы бир жолу саясат майданында оор соккуга учурады. Декабрь шайлоосунда эл бийликке да, оппозицияга да анча ишене бербегендигин көрсөттү. Элди кылкылдатып митингке алып чыкчу күндөр эми артта калды. Оппозициянын алдында мындар ары өтө татаал, өтө узак жол турат. Бүгүн курсагы курулдап турган жармач эл өлкөнүн тагдыры жөнүндө эмес, бөлкөнүн тагдыры жөнүндө көбүрөөк баш катырууда. Демек кара таман калктын бул катмарын ойготуу оңой жумуш эмес, ал эми орто жашагандар менен байып алгандарга жер огунан жылып кетсе да баары бир, бийлик качан алардын жеке кызыкчылыктарын кычкачтай кысып киргенде гана чаңырып ордунан турбаса турбайт. Ошондуктан айрым оппозиция ишмерлеринин жаздан күтүп аткан үмүттөрү да тумандуу. Элдин көтөрүлүп чыгышы бийлик менен оппозициянын ушул кыш айларындагы аракеттерине жараша болот, деп жазды “Общественный рейтинг” гезитинин саясый баяндамачысы Сыргак Абдылдаев “Чындыктын үнү” деген макаласында.

Саясат иликтегич андан ары сөзүн улап, шайлоодон кийин түптөлгөн парламент өз жарандарынын көз алдында мамлекеттик бийликтин бир бутагы деген статусунан кол жууганын, эми анын алдында Акүйдүн юридикалык кеңешчиси болгондон бөлөк ылаажы болбой калганын, ошентип ЖКнын мына ушул чакырылышы Кыргыз Парламентаризмин биротоло көөмп жаткан учурдагы аза-муң оркестринин гана милдетин аткарарын, бирок Акүйгө баш ийбеген бирөө барын, ал экономика деген болорун, экономика деген Акүйдүн кабинет кызыкчылыктары менен саясый оюндарына баш ийбей турган жападан жалгыз көкбет тармак экендигин, кыскасы ЖК өкмөт протоколдорун өйдөкү жакка өткөрүп тургуч гана техникалык парламент болуп каларын, жылдын аякташы менен революциялык романтикалык доор да аяктаганын, убакыт акыры баарын өз-өз ордуна койгонун, эми Кыргызстандын алдында анын оор тагдыры, эл жашоосунун кыйын күндөрү, чындап сынала турган мезгил турат деп баалады.

Бул парламент өлкөдөгү обьективдүү саясый жашоо-турмуштун абалын чагылдыра албайт. Өмүрү да өтө кыска болушу мүмкүн. Беш жыл олтуралбайт, дагы үч жолу шайлоо болушу мүмкүн. Деги эле “Ак жолго” мурда же саясатта, же коомдук иште кыргыз элине кызмат кылып көргөндөр эмес, жеке пикири жок адамдар келди. Кыскасы совет доорундагы компартиянын кейпин кийдик, деп мүнөздөдү жаңы парламенттин мүчөсү Иса Өмүркулов “Де-факто” гезити аркылуу. Ал эми академик Абдыганы Эркебаев азыркы парламенттин спикери да, анын үч вице-спикери да, 12 комитеттин 9нун жетекчиси да “Ак жолдон” шайланганы өкүнүчтүү болуп калды, вице-спикерлердин жок дегенде бири башка партиялардан болсо болмок десе, ЖК депутаты Жусупжан Жээнбеков: "Мен Мадумаровго 95-жылды эскертип өттүм. Парламентте мамлекеттик катчыдай болуп баарыбызга таалим-тарбия берип сүйлөп жатат. Таалим-тарбияны эмес стратегияны айтыш керек эле да, мамкатчылыктан Адахан иним ылдыйраак түшсө болот эле",- дейт.

“Эркиндик” партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев: "Бүгүнкү парламенттеги “Ак жол” мыйзамсыз жол менен өткөн партия. Парламентте биринчиден демократиядан алыс кеткендер олтурат. Экинчиден ар кошкондор.Үчүнчүдөн, Акаевге антиконституциялык жол ачып берип жүргөндөр. Арасында мыйзам чыгарууга такыр жөндөмү жоктор деле жүрөт. Бул партия “Алга, Кыргызстандын” бири эле болуп калды. Ошондуктан келечеги күмөн",- деген оюн айтат.

“Акыйкат” партиясынын лидери Кеңешбек Дүйшөбаев: "Баягүнү Адахан Мадумаров “сталиндик тартипти киргизебиз” деди. Ошондой тартипти адегенде өздөрүнөн баштаса болот эле",- деген.

“Эр айдоочу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Качкын Булатов: "Бакиев барган сайын өзүнө ор казып жатат. Бакиевге кимиси көбүрөөк жагалданса ошону сүйрөп жатпайбы. Ал өз бийлигин дагы бир жолу күчтөп алгысы келип, ал үчүн уятты да, абийрди да унутуп ушундай иштерге барды. Жаңы парламентке эми чындап колунда бар жеп-ичкендер келди",- деп баа берди.

Адам укугу боюнча КР президентине караштуу комиссия төрагасы Турсунбек Акун:" бийлик 2007-жылдын апрель айынан тартып кызыл камчы боло баштады, Акаев мени бир кезде 18 жолу каматкан бирок кестирген эмес, азыр митингке чыкканды эле кестирип жиберип атпайбы, кечээ эле кылмыш ишин козгоп коюп, кайра унчукпасаң кызмат беребиз деп Ө. Субаналиевди апкелди, ал кечээ эле Бакиевди көрдөн алып жерге чаап жүргөн эме эми эл алдына кантип чыгат, же мынакей М. Эшимкановду апкелди. КТРды оңдосо ушул оңдомок. Үмүт али өчө элек. Бирок бүгүн ага караганда Кыяс Молдокасымов өйдө экен деп айта башташты. Акаевдин Сулайман Иманбаевин күнөөлөсөк да шайлоо жыйынтыгын эртеси эле чыгарчу. Айтор бул жакшылыкка алып барбай калды. Эл кыш күрөөдөн гана коркуп турат. Жазында эл көтөрүлөт. Ошон үчүн бийлик каталарын тезинен оңдошу керек,"- деп айтып чыкты.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG