Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:03

12:39 1-январдан тарта жаратылыш газы үчүн төлөмдөр кымбаттайт


Премьер-министр Игорь Чудиновдун айтымында, жаратылыш газы боюнча Өзбекстан менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр оңой болуп жаткан жок. Бул тууралуу өкмөт башчы парламенттин бүгүнкү жыйынында айтты. “Ушул тапта газдын ар бир миң кубометрин 140 АКШ долларынан сатып алуу тууралуу сөз козголууда”, - деп айтты премьер-министр. Буга чейин өзбек тарап мындан жогору бааны талап кылганы айтылган. Ушул күндөрү Ташкенде өтүп жаткан эки тараптуу сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын атынан “Кыргызгаз” ишканасынын башкы-директору Саламат Айтикеев катышууда. Ишкананын маалымат катчысы Айзада Тойгонбаева “Азаттыкка” билдиргендей, алар бул сүйлөшүүлөр жаңы жылга чейин аягына чыгат деп болжоп жатышат. “Кыргызстан үчүн Өзбекстандан газдын ар бир миң кубометрин 130 АКШ долларынан сатып алуу ыңгайлуу болмок”, - деди ал. Эгерде бул баа боюнча мунаса табылса, анда 1-январдан тарта кыргызстандыктар үчүн колдонулган газ үчүн акы төлөмдөрү, буга чейинкисине караганда, 20% кымбаттайт. (TD)

XS
SM
MD
LG