Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:37

15:27 Өмүрбек Бабанов депутаттыктан баш тартты


СДПнын шайлоо тизмесиндеги биринчи талапкер Өмүрбек Бабанов партиялашы Роза Отунбаеванын пайдасы үчүн ушундай чечим кабыл алганын «Азаттыкка» билдирди. Өмүрбек Бабанов ошондой эле азыр парламентке Роза Отунбаевадай билимдүү жана тажрыйбалуу инсандар керек, ал мага караганда партия үчүн көбүрөөк иш жасады жана шайлоочулардын арасындагы саясий салмагы жогору деп эсептейт. Өмүрбек Бабанов бул тууралуу БШКга да кат жолдоду. Биринчи май райондук соту Өмүрбек Бабановду «Казакстандын жараны» деген негизде шайлоодон четтетип, кийинчерээк, 25-декабрда Жогорку сот анын Кыргызстандын жараны экенин тастыктоо менен райондук соттун чечимин жокко чыгарган жана анын тизмедеги талапкерлиги калыбына келтирилген. (SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG