Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

17:15 "Мен ишенбейм..." акциясынын катышуучуларынын соттук териштирүүсү убактылуу токтотулду


Бишкек шаардык соту мындай чечимин нааразылык чаралардын өтүшүн чектөө тууралуу шаардык кеңештин токтомунун мыйзамдуулугун карап жатканы менен байланыштырды. Кыргызстанда 16-декбарда мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына ишенбеген жаштар уюмдары, укук коргоочулар жана оппозициялык партиялардын өкүдөрү 20-декабрда “Мен ишенбейм...” нааразылык акциясына чыгышкан. Аларды туура эмес жерде митинкке чыкты деген айып менен милиция кармап кеткен болчу. Ошондон бери алардын иши Биринчи Май райондук сотунда, кийин шаардык сотто каралууда. (TD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG