Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:14

АКШнын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Мари Йованович айым “Азаттыкка” берген интервьюсунда 16-декабрдагы парламенттик шайлоо бир катар мыйзам бузуулар менен өткөнүн, оппозициялык партиялардын бараандуулары татыктуу добуш алса дагы парламентке коё берилбегенин белгиледи. Элчи Мари Йованович айым менен Кубат Оторбаев маектешкен.

- Элчи айым, Кыргызстанда 16-декабрда өткөн парламенттик шайлоо сиздин пикиринизде канчалык демократиянын талаптарына жооп берди?

- АКШ Мамлекеттик Департаментинин 20-декабрда жасаган билдирүүсүн окусаңыздар керек. Ал билдирүүдө биз бул шайлоодо позитивдүү көрүнүштөр бар экенин белгилеп өттүк. Алардын арасынан байкочуларды каттоо жараянын, ошондой эле аялдар, жаштар жана башка улуттардын өкүлдөрүнүн парламентке шайлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу.

Бирок жалпысынан алганда, биз Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Кыргызстан шайлоо маалында өз моюнуна алган бир катар эларалык милдеттерин аткара алган жок, деген оюна кошулабыз.

Анткени оппозициячыл партияларга көптөгөн тоскоолдуктар жасалды жана мамлекет тарабынын административдик ресурс айрым бир саясий кызыкчылыктар үчүн колдонулду. Добуш берүү жараяны бүткөндөн кийин көптөгөн суроолор туулду, ошондой эле добуштарды саноодо көптөгөн мыйзам бузуулар катталды. Шайлоочулардын санын атайын көбөйтүп жиберүү фактылары катталды. Андан тышкары шайлоочуларды тизмеден чыгарып салуу, участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилгенден кийин аларды кайра карап чыгуу сыяктуу мисалдар шайлоонун ачык жана демократиялык мүнөздө өтүшүнөн алыстатты.

- ENEMO, ОБСЕ баштаган бир катар чет элдик уюмдар жана бир топ бейөкмөт уюмдар шайлоодо ири мыйзам бузуулар болгонун айтышты. Ошол эле учурда КМШ, Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулары чоң деле мыйзам бузуулар болгон жок деп жатышат. Сиздин оюнузда байкоочулардын ортосундагы мындай кайчы пикирлер эмнени билдирип турат?

- 16-декабрдагы шайлоонун бир позитивдүү жагы: бул добуш беруу жараяны шайлоо участкаларынын көбүндө салыштырмалуу таза жана тартиптүү өттү. Бирок бул деген жалпы эле шайлоо жана андагы добуштарды саноо жараяны туура болду дегенди далилдебейт. АКШ элчилиги сиз атап кеткен уюмдардын байкоочуларынан тышкары байкоочулардын 14 тобун түздү жана бул топтор бүткүл Кыргызстан боюнча 160дан ашык шайлоо участкаларында байкоо жүргүзүштү.

Биз бир канча шайлоо участкаларында кайталанган мыйзам бузууларды байкадык. Алардын ичинен эң эле көзгө ачык көрүнүп, байкалган мыйзам бузуу - айрым шайлоочулар шайлоого чакыруу кагазын алганы менен добуш берүүгө келгенде алардын аты-жөнү тизмеде жок болуп чыгып атты, ошентип алардын көбү добуш берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Көпчүлүк адамдар болсо шайлоо күнү тизмеге киргизилди, айрым учурда алар соттун чечиминин негизинде өз укуктарын калыбына келтиришсе (бул туура жолу болду), башка бир учурларда соттун чечими жок эле тизмеге киргизилгенин байкадык. Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө чечилбеген көп маселелер бар экен.

Мындан тышкары көптөгөн мыйзам бузуулар добуш саноо учурунда байкалды. Шайлоо участкалары жабылгандан кийин эле кошумча бюллетендер пайда болуп калган учурлар кездешти. Айрым бир шайлоо участкаларында болсо бюллетендерди саноо учурунда айыл өкмөттөрү тарабынан электр жарыгы 15 мүнөткө өчүрүлүп, ошол маалда ашыкча бюллетендер ташталган.

Айрым жерлерде болсо бюллетендерди саноо учурунда байкоочулар ал жерге жакын жолотулган жок, ошентип андай жерлерде байкоочулар ар бир бюллетень жарактуу экендигин жана өз партиясынын тобуна кошулганын тастыктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жок. Көпчүлүк участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдору болсо райондук шайлоо комиссиясында өзгөртүлгөн. Булардын баары өзүбүздүн байкообуздун негизинде айтылып жатат.

- Шайлоо маалында, элчи айым, дагы кандай мыйзам бузууларды байкадыңыздар?

- Дагы бир өкүндүрүүчү нерсе - 2005 жылы колдонулган компьютерлештирилген «Шайлоо» системасы бул жолу иштеген жок. Шайлоо бүткөндөн кийин бир жума өтсө дагы участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорундагы маалыматтар жарыяланган жок. БШК жарыяланган маалыматтарда кайсы бир партияларга берилген добуштардын саны бирде аз, бирде көбөйтүлүп берилип жатканы байкалды. Биз үчүн мисалы, добуштар кантип азайып кетип жатканы түшүнүксүз болуп атты.

Бейшембиде жарыяланган маалыматтар боюнча 2 партия парламентке кантип өтүп кеткени кызык болду. Калган бюллетендердин акыркы 5 пайызы саналып бүткөндөн кийин Кыргызстан социал демократтар партиясы 5 пайыздык босогодон өттү, бирок бул партия ал босогону багындырууга жакын турган. Бирок Кыргызстан коммунистер партиясы 5 пайыздык босогодон алыс туруп, кокустан эле парламентке өтүп кеткени кызык болду.

- Элчи айым, «Ата Мекен», «Ар-намыс» сыяктуу бараандуу оппозициячыл партиялардын Жогорку Кеңешке кирбей калышына кандай баа бересиз?

- Шайлоо комиссияларынын баардык тепкичтеринде добуштарды саноо учурунда өтө көп ири мыйзам бузуулар болгонун биз баса белгилеп койгубуз келет. Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдору райондук шайлоо комиссиясында оңдолгон учурлар болду. Бу добуштарды саноо жараянында чон суроону туудурду. Ош шаарындагы добуштардын айырмасы боюнча «Ата Мекен» партиясы сотто жеңилип калды, эми алар азыр Жогорку сотко кайрылды. «Ата Мекен» партиясынын байкоочуларынын маалыматтары боюнча бул партия Ош шаары боюнча үч минге жакын добуш алган, а ырасмий билдирүүдө бул сан 600-650нүн тегерегинде делип жатат. «Ата Мекен» партиясы Ош шаарынан 650дон көп добуш ала албаганына ишенүү кыйын.

- 2005жылдын март окуяларынан кийин эгер соңку референдумду, парламенттик шайлоонун кандай өткөнүн эске алсак, Кыргызстан демократиядан алыстап баратат деген пикирлерге кандай карайсыз?

- Кыргыз өкмөтүндө дагы, жалпы кыргыз элинде да калыс, таза, жоопкерчиликтүү өкмөткө ээ болсок деген кызыкчылык бар. АКШ өкмөтү Кыргызстанды ушул багытта колдойт жана Кыргызстандын парламентинде, өкмөтүндө жана жалпы коомчулук арасында бул багытта өнүгүүгө даярдыктар бар экендигине ишенебиз.

- Кыргызстанда дагы Казакстанда жана Орусиядагыдай шайлоо өтүп, анын аркасында дээрлик бийликке ыктаган партиядан турган парламент куралды. Муну кандай баалоого болот? Артка кеттикпи же прогресспи?

- Бул жолку шайлоону өткөрүүдөгү бизди кооптондурган нерселерди белгилеп кеттим. Бул шайлоо 2005-жылкы президенттик шайлоодон айырмаланып турат. Ал президенттик шайлоодон кийин 12-июлда жасаган билдирүүбүздөн мен азыр бир үзүндү келтирейин: «... демократиялык шайлоо аркылуу кыргыз эли легитимдүү президентти шайлап, демократияга карай чоң кадам жасады...».

Бул жолку парламенттик шайлоо болсо көптөгөн суроолорду туудурат. Эффективдүү парламент адатта бүт коомчулуктун оюн билдирет, бир адам же ой жалпы мамлекеттин баардык элинин оюн чагылдыра албайт. Адатта, парламент оппозициячыл саясатчылар президентти же өкмөттү колдогон саясатчылар менен бирге мамлекеттин өнүгүү жолун талкуулай турган жай.
XS
SM
MD
LG