Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:13

Бир катар коомдук уюмдар Бишкек шаардык кеңешинин митингдерди чектеген токтомун район аралык сотко берди. Алар шаардык кеңештин митингдерди чектеген чечими Конституцияга каршы келип, демократиянын өнүгүүсүнө бөгөт болорун белгилешүүдө. Укук коргоочулар бул токтомдун долбоорун даярдаган Бишкек шаардык бийлигине кылмыш иши козголууга тийиш деп эсептешет. Мындан бир ай мурун Бишкек шаар кеңеши митинг, пикеттерди М.Горькийдин эстелигинин жанында, эски аянтта, “Жаштык” паркында өткөрүүгө жана жергиликтүү бийликке 10 күн мурда кабарландыруучу кат жолдоого милдеттендирген чечим чыгарган эле.

Көп өтпөй, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип, БШК имаратынын алдына чыккан бир нече адамды дал ушул шаар кеңешинин токтомуна таянып, Биринчи Май райондук соту бир нече күнгө камоо тууралуу чечимин чыгарган эле. Бир катар укук коргоочулар Бишкек шаардык кеңешинин 30-ноябрдагы токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылышууда. Алар жарандардын тынч пикет –митинг өткөрүү укугу тууралуу Башмыйзамда жазылып турат, шаардык кеңештин токтому Конституциядан улук эмес деп белгилешет. Алардын бири, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова сот Башмыйзамды сыйлайт деген ишеничте:

-Райондор аралык соттун милдети – шаардык кеңештин токтомун жокко чыгаруу. Бул жерде Конституцияга да, мыйзамдарга да, эл аралык нормаларга да каршы келген акт болуп атпайбы..? Албетте, башка чечим чыгуусу мүмкүн эмес.

Азиза Абдурасулова токтомду токуп чыккандарга да чара колдонулуусу керек деп эсептейт. Бул пикирди “Атуулдук коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова да кубаттоого алды. Анын сөзү боюнча шаардык кеңешке мына ушундай токтомдун долбоорун сунуш кылган мэр Данияр Үсөновдун үстүнөн кылмыш иши козголууга тийиш:

-Биздин уюм Башкы прокуратурадан күтүп атабыз: анткени мырза Үсөновду кылмыш кодексинин 388-беренеси боюнча, жарандарга каршы иштегени боюнча кылмышкер катары сөзсүз түрдө соттош керек, -дейт Төлөйкан Исмаилова.

Шаардын мэри Данияр Үсөнов шаардык кеңештин бул токтому шаардыктардын тынчтыгын, борбор калаанын тазалыгын камсыздайт деп ишенерин журналисттерге билдирген:

- Өзүбүздүн шаарыбызда тартип орнотойлу деп чечтик. Биздин бул сунушубузду шаардык кеңеш колдоп берди. Мунун эмнеси жаман? -деген Данияр Үсөнов.

Башмыйзамдын 25-беренеси боюнча Кыргызстандын жарандарына органдарын алдын ала кабарлоо шарты менен саясий чогулуштарды, митингдерди, жүрүштөрдү, демонстрацияларды жана пикеттерди тынч жана куралсыз өткөрүүгө укук берилген. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Азимбек Бекназаров мамлекеттик башкы мыйзамды аттап, шаар кеңеши жарандардын укугун чектөөгө акысы жок деп бекемдеди:

-Эч бир бийлик органы Башмыйзамга каршы эч кандай токтом, чечим, актыларды кабыл алууга укугу жок. Атүгүл Жогорку Кеңеш дагы.

Жарандардын тынч пикет-митинг өткөрүүсүн чектеген Бишкек шаардык кеңешинин токтомун жокко чыгаруу арызы менен Бишкектеги райондор аралык сотуна “Кылым шамы” бейөкмөт уюму, “Атуулдук коом коррупцияга каршы” коомдук фонду, “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы, “Тынчтык –дүйнө жарыгы” коомдук уюму жана көз карандысыз жаштар уюму кайрылган. Райондор аралык сот бул арыздарга байланыштуу ишти качан карары азырынча белгисиз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG