Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:22

ЖАЛАЛАБАТ: ШАЙЛООКОМДОР ДОБУШТАРДЫ КАЙРА ЭСЕПТӨӨГӨ КАРШЫ


«Ата Мекен» партиясынын облустагы өкүлдөрү шайлоого нааразы болушуп, добуштарды кайра эсептөө талабы менен бир нече райондук-шаардык комиссияларга кайрылышкан. Бирок, шайлоокомдор участкалык шайлоо комиссияларын ачууга негиз жок деген жооптору менен партиянын талаптарын аткаруудан баш тартууда. “Атамекенчилер” эми облустук шайлоо комиссиясына арызданганы турушат.

«Ата мекен» партиясынын облустагы өкүлдөрү менен байкоочулары парламенттик шайлоо мезгилинде бир нече мыйзамбузууларды катташкан. Шайлоонун адилет өткөндүгүнөн күмөн саноо менен алар Жалалабат, Майлуусуу шаардык жана Сузак, Базаркоргон, Ноокен райондук шайлоо комиссияларына кайрылып, аталган аймактардагы шайлоо үккөктөрүн ачып, добуштарды кайра эсептөө талаптарын коюшкан. Бирок, арадан бир жума убакыт өткөнү менен партия өкүлдөрү арыздарына жооп алалбай келишүүдө. Партиянын жергиликтүү координатору Ильич Нарматов Жалалабат шаардык комиссиясы расмий түрдө жооп бербегендиктен эми облустук шайлоокомго кайрылабыз дейт:

- Бир сыйра ачып карап кайра башынан текшерип берүүсүн суранганбыз. Касымов Талант төргасы мага кайсы күнү бул катты карай турганын эч кандай айтып бере албады. Катчысы да отказ кылып койду, мен эч нерсе деп айта албайм деп. Кат түрүндө да айтып коюшкан жок заседание болот, же болбойт деп. Жообун күтүп отурабыз, бир жумадан ашып калды. Эми облустук шайлоо комиссиясына да кайрылабыз.

Партиянын Кочкората шаарындагы өкүлчүгү өз нааразылыгын Ноокен райондук шайлоокомго билдирген. Шайлооком үкөктөрдү ачууга негиз жок деген жообу менен арызды канаатттандырган эмес. Координатор Советали Сеитбеков айылдаштарынын көпчүлүгү чет жакта жүрсө да шайлоодо көп эл катышкандыгына ишенбейт:

- Бүгүнкү күндө бардык шаар, райондордун шайлоо комиссияларына кайрылып атабыз. Алар ар түрдүү шылтоолорду айтып заседаниелерин артка жылдырып жатышат. Бүгүнкү күндө эч кандай чара колдонушкан жок.

Базаркоргон районундагы партиянын өкүлү Олжобай Боронбаевдин айтымында шайлоодо жарандардын укуктары бузулуп, президент негиздеген партия үчүн административдик ыкмалар иштетилген. Ага байланыштуу ондогон адамдар шайлоону мыйзамсыз деп табууну талап кылышкан:

- Бул шайлоону легитимсиз деп эсептейбиз. Себеби шайлоо мезгилинде административдик күч колдонулуп, “Ак жолго” зордук менен добуш берүүгө үндөштү. Добушту каалаганча уурдашты. Шайлоо участкасында “Ата мекен” партиясына добуш бере турган шайлоочуларды тизмеден чыгарып, шайлоого катыштырбай коюшкан.

Бирок pайондук Кеңештин катчысы Камилжан Маматовдун телефон аркылуу түшүндүрмөсүнө ылайык шайлоону мыйзамсыз деп таанууга негиз жок. Тизмеден ысымдары өчүрүлүп, “Ата мекен” партиясы үчүн добуш бералбаган кишилердин шайлоо күнү сотко кайрылып, бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө мүмкүндүктөрү бар болчу. Деген менен 16-декабрда шайлоокомго расмий түрдө даттануу түшкөн эмес жана эми кайрылгандардын далили жок. Аксы районунан Жалалабатка келген шайлоочу Сагын Ызабековдун пикири боюнча шайлоого нааразы болгондор өздөрүнүн мыйзамдык укуктарынан пайдалануусу керек эле:

- Эгерде “Ак жол” партиясына нааразычылыгы болсо, административдик кысым көрсөтүп аткан фактылары болсо башка жол менен деле бүтүрүшсө болот.

Партиянын атынан Жалалабат шаардык шайлоокомиссиясына түшкөн арыз 20-декабрда каралган. Төрага Талант Касымовдун айтымында партиянын өкүлү жыйынга келбей калган:

- Арызын биз 20-декабрда карап, өкүлү Нарматов Ильич саат 3тө келем деген. Саат 4кө чейин шаардык шайлоо комиссиясын топтоп күттүк, келбей калганына байланыштуу арызын карап, откозной материал чечим чыгарып берди. Себеби курк кагаздан башка эч кандай доказательствосу жок.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG