Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

ГРУЗИЯ: БЕЙӨКМӨТТҮК «ИМЕДИ» ТЕЛЕКОМПАНИЯСЫ БЕРҮҮЛӨРҮН ТОКТОТТУ


Амирбек Усманов, Прага Грузиянын бейөкмөттүк “Имеди” телекомпаниясы 26- декабрдан тартып өз берүүлөрүн убактылуу токтотту. Телекомпанинын журналисттеринин билдиришиче, станциянын ээси Бадри Патаркацишвили президенттикке ат салышканга байланыштуу бийлик кысым көрсөткөндүктөн, жамаат саясый жагдай турукташканга чейин ишти токто туралы деп чечишкен.

“Имеди” берүүлөрүн убактылуу токтоткону тууралуу 26-ноябрдын кечиндеги түз эфир учурунда телекомпаниянын коомдук-саясый программаларынын директору, популярдуу журналист Георгий Таргамадзе жарыя кылды:

-“Имединин” журналисттери жана техникалык персоналы кабыл алган чечимди биздин жамаатты каралоо үчүн эч нерседен кайтпаган бийликке болгон нараазылык деп билгиле. Бул чечим аркылуу өзүбүздү шайлоо алдындагы булганч саясый оюндардан, ошондой эле “Имединин” негиздөөчү- ээсинин президенттик шайлоого катышуусуна байланыштуу келип чыккан түшүнбөөчүлүктөн алыстатабыз.

Таргамадзенин сөзүнө караганда, “Имединин” ээси, президенттикке талапкер Бадри Патаркацишвилини Грузияда өкмөттүк төңкөрүш уюштурууга аракеттенди деп күнөөлөө телекомпаниянын жамаатын кыйын абалга калтырган.

Грузин бийликтери ноябрдагы саясый кризис учурунда Патракацишвили “Имеди” телеканалын өлкөдөгү конститциялык түзүлүштү өзгөртүү үчүн пайдаланууда деп күнөөлөп, станциянын айрым техникалык жабдууларын талкалап, өзүн жап салган. Ошентип, 7-ноябрда жабылган “Имеди” станциясы грузин бийликтерине Батыш өкмөттөрү жасаган кысымдан кийин 12-декабрда кайра иштей баштаган эле.

Грузиянын президентинин милдетин аткаруучу Нино Буржанадзенин билдиришинче, бийлик тарабынан “Имединин” журналисттерине эч кандай кысым көрсөтүлбөгөн жана “журналисттер чечимди өз ыйманы менен кеңешип кабыл алышкан”.

Апта башында бийликтер Патракацшвили Ички иштер министринин жооптуу кызматкерине 100 миллион доллар парага шайлоонун эртеси бюллетендерди фальсификациялоого жардамдашууну сунуш кылып жатканын тастыктаган видеотасма бар экенин билдирген. Өз кезегинде Британияда жүргөн Патракацишвили грузин жетекчилигин мен жок кылмакчы болууда деп күнөөлөгөн.
XS
SM
MD
LG