Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:49

ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКА 2007-ЖЫЛЫ БАШТАН КЕЧИРГЕН КАПСАЛАҢДАР


Дүйнөлүк экономикага көз салсак, өтүп кеткен 2007-жылы эларалык базарда мунайдын баасы кескин өсүп, азык түлүктүн наркы да олутуу кымбаттаганы көпчүлүк жарандардын эсинде. Бул кубулуштарга эмне себеп болду? Жаңы жылда экономикан эмне күтөт? Бул суроолорго эксперттер эмне дешет?

2007- жылы дүйнөлүк экономика ойку- кайкы кетип, бир калыпта өнүкпөдү. 21-ноябрда 1 баррель мунайдын баасы дээрлик жүз долларга чыгып барып, кайра ылдыйлады. Дүйнөлүк алым- сатымдагы негизги акча эсептелген АКШ доллары жыл бою кунун жоготуп отуруп, декабрдын экинчи жарымында гана кайра кубаттана баштады. АКШда башталган банк кризисинин толкуну Казакстанды да бир чайкап өттү. Ал эми азык- түлүктүн айрым түрлөрү 65 процентке чейин кымбаттап, айрым өлкөлөрдү бир дүрбөтүп алды. Ошентип, 2007- жылы дүйнөлүк экономика күтүлбөгөн ар кыл проблемаларга кабылды. Андан улам, 2008- жылы да экономиканы чоң сыноолор күтөт, мунайдын наркы дагы өсүшү ыктымал деген божомолдор айтылды. Мунай базарындагы кооптонуу, биринчи кезекте, Жакынкы Чыгыштагы геосаясый кырдаалга байланыштуу болду дешет талдоочулар.

Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу Вашингтондун шектенүүсүнө жүйө жок экенин АКШнын чалгындоо кызматы ырастагандан кийин эларалык мунай базары да терең дем алып, жайлана түштү. Себеби, Иран мунай өндүрүү боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат.

Дүйнөлүк экономикалык өсүштүн таскагын өзгөртчү фактор саналган мунай баасы- реалдуубу же керектөөчүлөрдүн чочулоосунан улам жаралган убактылуу көрүнүшпү? Бул суроого адистер эмне дешет? Лондондо жайгашкан Эларалык изилдөөлөрдүн падышалык институтунун (Royal Institute of International Affairs) Дубайдагы серепчиси Валери Марсель мунайдын асман кайкыган баасы- анын чыныгы баасы эмес, ал кардарлар арасындагы чочулоону чагылдырат деп санайт:

-Мунайдын чыныгы баасы бир нече жума илгерки сатыкта жеткен 98 доллардан төмөн. Ошондогу элдин тычын алган баа Америка долларынын башка акчаларга болгон кубатын чагылдырды. Аны бетке тутуп, мунай өндүрүүчүлдөрдүн ОПЭК уюму базарга мунайды көп чыгарууга макул болбой жатышат.

АКШ долларынын арзандоосунан валютасы кубаттуу өлкөлөрдүн мунай керектөөчүлөрү пайда көрүштү. Евробримдик, Британия, Швейцария сыктуу өлкөлөр доллар кубаттуу кезде мунай сатып алуу үчүн көп акча жумшаса, 2007- жылы, тескерисинче, аз акчага көп мунай сатып алышты.

Мунайдын баасынын өсүшү, өз кезегинде, керектөөчүлөрдү сарамжалдуу болууга жана күйүүчү майларды үнөмдүү пайдаланууга да аргасыз кылды.

2007-жылы глобалдык аба- ырайынын өзгөрүүсү, суу ташкындоолор, кургакчылык жана өнөр жай ишканалары бөлгөн газдар келтирген зыян жөнүндө эларалык деңгллде болгон өтө кызуу талкуулар да улуттук өкмөттөрдү айлана чөйрөнү булгоого каршы конкреттүү чараларды көрүүгө мажбурлады.

Валери Марселдин боолгошунча, ошол талкуулар сөзсүз түрдө мунайдын баасына жана кара май өндүрүүгө таасир этет:

-Бул талкуулар, орто жана узак мөөнөттө, отун энергиясын керектөөгө абдан чоң таасир этери шексиз деп ойлоймун. Климаттын өзгөрүүсүнүн айлана чөйрөгө болгон таасири өскөн сайын, тийиштүү саясый чечимдер кабыл алынат. Бул ОПЭКти катуу кыжаалатка салат жана жараян мунай базары үчүн кооптуу экенин уюм мүчөлөрү көрүп- биле алат.

АКШ долларынын кубатын жоготуусу- аны резервдик валюта катары колдонгон өлкөлөрдүн тынчын алып, дүйнөлүк финансы системасына да залакасы тиет.

Франкфуртта жайгашкан Коммерзбанктын (Commerzbank) валюталар боюнча эксперти Анте Прэфке 2008-жылдын биринчи кварталында АКШнын экономикасы ишенимсиз кредит төлөөчүлөргө байланыштуу банктар кабылган кризистен акырындап оңолуп, ошондо доллар да табына келе баштаарын айтат. Финансылык капсалаңга карабастан Американын экономикасы жүрүшүнөн тайган жок, дейт Прэфке “Азаттык” радиосуна берген интервьюда:

-Алиге чейин финансылык капсалаң жараткан толкундун жана банк кризисинин зыянын ачык көрбөдүк. Алардын зыянын турак жай курулушу жана кардарлардын экономикалыга болгон ишенбөөчүлүктөн башка да негизги экономикалык көрсөткүчтөрдөн байкала башталат.

Бирок, АКШнын тышкы соода балансында экспортко караганда импорт үстөмдүк кылганга байланыштуу доллар тез кубаттанбайт. Кытай жана башка Азия өлкөлөрү АКШ долларынын ордуна резервдик валюта катары башка туруктуу акчаларды сатып алып жатат. Бул жагдай, Антэ Прэфкенин оюнча, доллардын кубатына тескери таасир этчү олуттуу фактор:

-Адамдар чындап эле АКШнын бондорунан эле эмес, башка да баалуу кагаздарынан айрылуунун аракетин жасашууда. Баалуу кагаздар рыногундагы соода басаңдап, корпоративдик бондор сатылып жатканы анык. Мааламттарга ыклас салсаңыз, адамдар узак мөөнөттүк инвестициядан качып, акчасын АКШнын кыска мөөнөттүк же беш жылдык жана андан аз жылдык баалуу кагаздарына салып жатканын байкайсыз. Бул экономика үчүн коркунучтуу.

2007- жылы азык түлүк базары да тополоңго кабылды. Тамак- аш азыктарына болгон баанын өсүшү көп өлкөлөрдө инфляциянын толкунун жаратып, улуттук акчлардын куну качты. БУУнун Азык түлүк жана айыл чарба агенттигинин эсептөөсүнө караганда, 2007- жылы тыш өлкөлөрдөн сатып алынган азык түлүктүн наркы орточо 21 процентке өсөт. Бул жылы сүт азыктарынын баасы 65 процентке, дандын түрлөрү- 40 процентке, эттики- 6 процентке жогорулады. Азык түлүктүн кымбатташына мунайдын наркынын өсүшүнө байланыштуу жол чыгымдарынын көбөйүүсү, данды иштетип, андан күйүүчү май алуу жана дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде, Кытай, Орусия сыяктуу экономикасы ылдам өсүп бараткан өлкөлөрдө элдин керектөөсүнүн өсүшү себеп болду.
XS
SM
MD
LG