Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

Көпчүлүк серепчилердин баамында, 2007- жылы АКШ башындагы коалициялык күчтөрдүн Иракта коопсуздукту камсыздоо аракети үзүрүн бере баштады. Ийгиликке, биринчи кезекте, президент Жорж Буштун Ирактагы аскерлердин санын көбөйтүүсү өбөлгө болду. Былтыр сунни жана шиит саясатчыларынын өз ара тирешүүнү коюп, өлкөнүн келечегеи үчүн чогуу аракеттенлели деп макулдашпаса, жагдай катаал бойдон кала бермек, дешет талдоочулар.

“Guardian” гезити жазганга караганда, “Статистика калпты мыкты айтса да, цифралар, калпы- чынбы, айтор Вашингтон жана анын ирактык клиенттери үчүн оңтойлуу болду”. Ырасмий маалыматтар боюнча, январда 2500 ирактыктын каны төгүлсө, октябрда бул сан 800дүн, ноябрда 700дүн тегерегинде болду. Ошол эле мезгилде 3600дөй алкаидачы жок кылынган. Пентагондун ырасташынча, октябрда америкалык 39 аскер окко учса, ноябрда америкалык 34 аскер катардан чыккан. Бул 2006- жылы Иракка кошумча аскер киргизгенден берки америкалыктардын эң аз жоготуусу. Коопсуздук жагдайынын оңолуусу жүз миңдеген ирактыктардын үй- жайына кайтып келишин шарттап, дүйнөдөгү калабалуу жерлерди изилдеген Эларалык кризис группасы Иракты коопсуздук кырдаалы жакшырып бараткан өлкөлөрдүн тизмесине кошту.

Joost Hiltermann- Эларалык кризис тобунун Жакынкы Чыгыш боюнча программасын жетектейт. Кетип бараткан 2007- жылы Ирактагы зобун- зордуктардын азайуусу- Буштун администрациясынын тактикалык ийгилигин тастыктайт, бул көрүнүш эми саясый майдандагы оң жылыштар менен толукталыш керек дейт Хилтерманн “Азаттыкка”берген интервьюда:

-2007- жылы аскерлердин санын көбөйтүү аркылуу Ирактагы кырдаалды турукташтырууда айрым оң жылыштарды көрдүк. Бул прогресс улуттук деңгээлдеги саясый келишимсиз туруктуу мүнөзгө ээ болбойт. Мен бу жаатта эч кандай прогрессти байкабадым.

АКШ Иракта саясый ийгиликке жетүү үчүн, Хилтерманндын оюнча, жергиликтүү сунни жана шиит лидерлеринин өз ара элдешүүсүнө көмөктөшүүсү абзел:

-Буштун администрациясы кырдаал башкаруудан чыгып баратканын жана түрдүү жолдорду пайдалануунун зарылдыгын акырындап түшүндү. Алар акыр соңунда керектүү адамдарды тийиштүү орундарга отургузду. Согуш майданында да туура иштер жасалууда. Алар Ирактын саясый майданында прогресс болбой ийгилик бекем болбосун түшүнүүгө тийиш. Бул өтө маанилүү. Келечекте Буштун администрациясы түрдүү топторду улуттук келишим түздүрө тургандай демилге көтөрүш керек.

Ирактагы кырдаалдын жакшыруусуна мурда «ал- Каида” тарабында согушкан сунни козголоңчулардын америкалык күчтөр менен мунаса табуусу да таасир этпей койбоду. Азыр АКШлык аскерлер менен чогуу алкаидачыларга каршы согушкан 80 миңге жакын сунни бар.

Ал эми лондондук серепчи Жэймс Денслоунун айтымында, ноябрда Иракта 700 жарандын мерт болуусу- 2003- жылы өлкөгө АКШ башындагы коалициялык күчтөр киргенден кийин коопсуздук жагдайы осолдоп кеткенин күбөлөйт:

-Көп жагынан алганда Ирактагы жагдай ирактыктар үчүн жаман. Бирок, америкалыктар террорго каршы согушка бир кыйла жакшы көңүл буруп жатышат. Америкалыктар азыр оторчуларга каршы согушту актоо үчүн исламга жамынган улутчул сунни козголоңчуларынын жоон тобу менен кызматташууда. Алардын көбүн четэлдик согушчуларга жана Ирактагы “ал- Каидага” каршы бурду. 2006- жылдын июнунда алкаидачылардын Ирактагы ана башы ал- Заркави өлгөндөн тарта алар кубатсыз болуп баратат.

Саддам Хусейндин тушунда борборлоштурулган авторитардык режим акыркы жылдары мурдакы кубатынан тайып, жергиликтүү бийликтер күчүнө толдууда. Денслоунун сөзүнө караганда, премьер- министр Нури Малики борбордук өкмөттүн түзүмү боюнча түрдүү диний жана саясый топтор менен келишим түзсө, улутту бириктирүүгө жакшы өбөлгө болмок.

Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарынан британиялык аскерлердин чыгып кетүүсү да провинциядагы кырдаалдын жакшырышына оң таасир этти деп бүтүм чыгарат Денслоу:

-Фактылар көрсөткөндөй, чабуулдардын 90 проценти британдарга каршы багытталган эле. Алар Басранын Ак сарайын калтырып, Басра аэропортуна чыгып кеткенден кийин чабуулдар 90 процентке азайды. Бул - британдар кырдаалды жөнгөрүүнүн бир жолу аларга байланыштуу экенин түшүнгөнүн күбөлөгөн бир факт деп ойлойм. Басраны түрдүү согушчул топтор бөлүп алган. Алар коалициялык күчтөргө каршы чабуулдарды өз бийлигин мыйзмдаштыруу үчүн пайдаланышат. Британдар шаардан авиабазага чыгып кеткенден бери саясый топтор өз ара эсептешип, коалициялык күчтөр менен кызматташкан адамдарга каршы башкесер топтор колдонулууда.

Денсолу сүрөттөгөн бул жагдай, Хилтеманддын сөзүнө караганда, 2007-жылкы жатташтык согушу түпкүлүгүндө кайсы бир аймакты контролдоо үчүн жүргөнүн же сунниттер менен “ал- Каиданын” Ирактагы канаты ортосунда болгонун тастыктайт.

Ирактагы коопсуздук жагдайы азыркыдай акырындап оңоло берсе, Вашингтон Иракты демократияга өткөрүү жөнүндөгү өзүнүн максатына жете алат деп ишенет АКШлык конгрессмен Луи Гомерт:

-Ирактагы кырдаал бирде начарлап, бирде жакшырып турат деп ойлойм. Анткен менен, Күн чыгып баратканын көрүп турам. Иракка тышкы күчтөр кийлигишпей эле, өзүн өзү башкарууга жана өз жетекчилигин тандагандай кубаттуу болушуна жардамдашканыбыз өтө маанилүү. Биз ирактыктарга бекем коопсуздукту камсыздап берсек, алар бутуна бекем туруп өзүн өзү башкара алышат. Ошондо биз жакшы иш жасаган болобуз.

Иракта жалпы кырдаалдын оңолгонуна карабай, 2008- жылы саясый жиктешүүдөн арыла турганына оптимист- талдоочулар ишенишпейт. Ошол эле Луи Гомерт Ирактагы согуш бир нече жылга созулат жана өлкөдө тынчтык орнотуу вазийпасы- болочок муундун милдети экенин ирактыктар менен америкалыктар түшүнүшү керек дейт.

Декабрдын соңку жумаларындагы окуялар да согушчандар куралды оңой менен таштабасын күбөлөйт. 25-декабрда эки жанкечтинин чабуулу кеминде 35 кишинин өмүрүн жалмап, 80 чукул адам жарадар болду. Анткен менен, коопсуздук кырдаалындагы оң жылыштар- өлкөдөгү америкалык аскерлердин санын кыскартуу жөнүндөгү кепке түрткү берди. АКШнын коргоо министри Роберт Гэйтстин сөзүнчө, ал 2008-жылдын аягына Ирактагы аскерлердин санын 60 миңге кыскартууну каалайт. “Christian Science Monitir” гезитинин ырасташынча, Иракта азыр АКШнын 165 миң аскери же 20 бригадасы бар.
XS
SM
MD
LG