Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

Аяктаган 2007–жыл Борбор Азия региону үчүн кандай болду? Чөлкөмдүн беш өлкөсү нукура кызматташтык жараянына бул жылы кирише алдыбы, аймак катары Борбор Азиянын мааниси арттыбы?

Аяктаган 2007-жыл Борбор Азия региону үчүн, албетте, бир жактуу болду деп айтыш кыйын. Бирок, ички жана тышкы себептер, регионду соода менен саякатчылардын кесилиш жолуна айлантып бара жатканы талашсыз. Казакстан менен Түркмөнстан мунай – газга бай, энергия ресурстарынан Өзбекстан да куржалак эмес, ал эми суу башы катары Кыргызстан менен Тажикстан эсептелген Борбор Азия өлкөлөрү ортосунда регионалдык кызматташтыктты өнүктүрүү демилгелери бир топ жылдан бери эле жасалып келүүдө. Бирок түрдүү, анын ичинде өлкө лидерлери, өзгөчө казак жана өзбек президенттери Нурсултан Назарбаев менен Ислам Каримов ортосундагы атаандаштыктан улам мындай аракеттер жокко чыгарылганы белгилүү. Ал эми Түркмөнстандын мурдагы президенти Сапармурад Ниязов өмүрүнүн акыркы жылдары коңшулардын иштерин такай эле жээрип калган болчу. Бирок 2007-жылы Түркмөнстан жаңы президенттин жетекчилигинде өткөрдү. Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев Борбор Азиянын аяктаган жылдагы абалын мындайча мүнөздөйт:

- Кудайга шүгүр, регион бул жылы конфликтешүүнүн жогорку деңгээлин көргөзбөдү. Көп сандагы адам өмүрүн кыйган чыр –чтактар болгон жок. Мамлекет аралык тирешүүлөр орун албады. Бул абдан жакшы. Бул жок дегенде Борбор Азияда кандайдыр бир баланс орноп, башкаруучу элиталар жана калган күчтөр да регионалдык стабилдүүлүктү сактоону көздөөдө деген үмүт жаратууда. Себеби бул баарына керек. Быйылкы жылы стабилдүүлүк сакталды. Менимче, бул - жакшы жана олуттуу көрсөткүч.

Ошентип, бул жылы Казакстан жана Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан кызматташтыкты чыңдоо ниетинде Мамлекеттер аралык кеңеш түзүүгө жетишти. Сапармурад Ниязовдун доорундагы өзүн -өзү изоляциялоо саясатынан чыга баштаган Түркмөнстандын жаңы президенти коңшуларга каттады, коңшулар ага барды. Өзгөчө өзбек президенти Ашхабадда жети жылдан соң биринчи ирэт болду. Борбор Азия шериктештиги жөнүндөгү маселе кайра көтөрүлдү. Бирок алматылык саясат тануучу Досым Сатпаевдин пикиринде, аркеттер жасалганы менен Борбор Азия союзунун түзүлүшүнө али өбөлгө жарала элек:

-Борбор Азия өлкөлөрүнүн союзун түзүү жөнүндөгү идеялар жыл сайын эле айтылат. Казак президенти Нурсултан Назарбаев быйыл аны кайрадан көтөрдү. Бирок, бул идея жагымдуу шарттар түзүлмөйүнчө абада калкып тура берет. Азырынча, мындай шарттар жок. Борбор Азия өлкөлөрү көп чөйрөлөрдө азырынча активдүү кызматташууну каалабай жатышат. Анткен менен айрым жылыштар бар. Региондун беш өлкөсүнөн үчөөсү: Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан активдүү кызматташууда. Түркмөнстан изоляциядан эми эле чыгып жатат. Өзбекстан тилекке каршы көптөгөн регионалдык жараяндардан четтөө саясатын карманууда. Менимче бул кийинки жылы да уланат.

Ал эми региондун тыш дүйнө менен алакасына келсек, аяктаган жылы бул багытта активдүү иштер орун алгансыды. Маселен, быйыл июнь айында Еврошаркет Борбор Азияга карата өзүнүн жаңы стратегиясын жарыялады. Анда Борбор Азия беш бөлөк өлкө эмес, бир регион катары каралган. Тажик тышкы иштер министри Хамрохон Зарипов быйыл жазда Борбор Азия бириккен шартта гана дүйнөнү олуттуу көңүл бурдура алат деген ойду айткан эле:

-Борбор Азия, экономикалык жана башка жактан бирдиктүү Борбор Азия гана бүткүл дүйнө олуттуу кызыккан обьект боло алат. Андыктан, мына ушундай форматтагы сүйлөшүүлөр келечекте Борбор Азиянын биригүү жана эл аралык аренага чыгуу аракеттерибизди бириктирет.

Ал эми эл аралык аренадан, аяктаган жылдын окуялары көргөзгөндөй, Борбор Азияга кызыгуу ириде энергетикалык кызыкчылыктардан улам келип жаткандай. Алматылык саясат тануучу Досым Сатпаев:

-Бул жылы Борбор Азиядагы энергетикалык саясат менен байланыштуу да бир нече окуя болду. Сөз бир жагынан мында Орусия, Казакстан, Түркмөнстандын Транскаспий газ кууру орнотуу аракети жөнүндө жүрүп жатат. Бул аракет ишке аша элек жана кийинки жылы да уланчыдай. Бул демилге, менин пикиримде, Еврошаркетти жана АКШны шаштырды жана тынчыздантты. Алар Транскспий газ кууру боюнча өз варианттарын сунуштап, Казакстанга менен Түркмөнстанга бул жыл ичи көп келишти. Мындан сырткары Батышты Борбор Азиянын энергия ресурстары кызыктырарын Еврошаркеттин Борбор Азияга карата стратегиясынан да көрүүгө болот. Анда алдыңкы орундарда аймактын Еврошаркет менен энергетикалык кызматташттыгы каралган. Демек, бул жылы көптөгөн аналитиктер болжолдогондой эле Борбор Азиянын ири геосясий жана геоэкономикалык оюнчулар менен мамлекеттер аралык мамилесинде мунай–газ тематикасы үстөмдүк кылды. Мен мындай тенденция келерки жылы токтойт деп ойлобойм, тескерисинче кайра күчөчүдөй.

Казакстандан, Орусия, Түркмөнстан ортосунда 2007-жылдын майында түзүлгөн келишим түркмөн газын европалык базарга Орусия аркылуу чыгарууну карайт.

Ал эми Батыш жана АКШ колдогон Транскаспий газ долбоору Каспийдин түбү аркылуу куур төшөп, көгүлттүр отту Кавказ, андан ары Түркия жана Европа чыгарууну белгилейт. Муну менен Батыш энергетикалык жактан Орусияга көз карандылыгын азайтууну көздөөдө.

Айткандай, эле Түркмөнстанда жаңы президенттин келиши менен Батыш Ашхабад менен кызматташтыкка өзгөчө көңүл бура баштады. Түркмөн президенти Гурмангулу Бердымухаммедов аяктаган жыл ичи АКШга жана мурдагы президент эзели каттабаган Европага барып кайтты. Ашхабадда батыштык ири компаниялардын, жогорку даражалуу өкүлдөрдүн катышуусу менен энергетикалык конференция өттү.

Түркмөнстандан газ алуу боюнча энергияга муктаждыгы улам өсүп бара жаткан Кытайдын да келишими бар. Борбор Азиянын Түркмөнстандан башка өлкөлөрү, Кытай жана Орусия кошулган Шанхай Кызматташтык уюму энергия маселери боюнча кызматташтыкты кеңейтүү алардын баарынын кызыкчылыгындагы маселе экенин орус президенти Владимир Путин уюмдун Бишкекте өткөн саммитинде мындайча белгилеген эле:

-Регионалдык долбоорлорго күчтүү дем бере алчы нерсе - энергетикалык чөйрөдө кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө ШКУга мүчө өлкөлөрдүн баарынын кызыкдар экени. Энергетикалык диалогдун башталышы, улуттук энергетикалык концепциялардын жалгашуусу, энергетикалык клубдун түзүлүсү биздин келечектеги кызматташтыгыбыздын приоритеттерин аныктайт.

Кытай менен Түркмөнстан ортосунда газ боюнча келишим түзүлгөнү менен анын транспорттонун маршуруту аныктала элек. Кытай төрагасы Ху Цзиньтао августа ШКУнун самитине жана Бишкекке иш сапары менен келген учурунда Кыргызстан мына ушул газ жолунун багытына кызыкдар экенин мурдагы премьер- министр Алмаз Атамбаев айткан эле.

Борбор Азиянын өз ара жакындашуусу, экономикалык жактан тыгызыраак кызматташуусу үчүн транспорттук коридордордун да мааниси чоң. Аяктаган жылы бул багытта айрым бир жылыштар байкалгансыды. Борбор Азия экономикалык кызматташуу программасына ( СAREC) кирген сегиз өлкөнүн ноябрдын башында Душанбеде болгон жыйынында аймактын транспорттук инфраструктурасын жакшыртуунун стратегиясы макулдашылды. Он жылга мерчемделген ал стратегияны ишке ашыруу үчүн азыркы эсептөөлөр боюнча 19 миллиард долларга жакын каражат талап кылынат.

Борбор Азия экономикалык кызматташуу программасы 1997-жылдан тарта башталган, ага азырынча аймактын Түркмөнстандан башка төрт өлкөсүнөн тышкары Кытай, Монголия, Азербайджан, Ооганстан кирет. Душанбеде, транспорт министрлеринин жыйынында жактырылган стратегия байыркы Жибек жолун калыбына келтирүүнү, бул үчүн аталган өлкөлөрдүн азыркы кан жолдорун жакшыртууну жана алардын аймагы аркылуу алты жаңы транспорттук корридор курууну карайт.

Азия өнүгүү банкынын эсебине караганда, Европа менен Кытай ортосундагы азыркы сооданын бир пайызга жетпеген өлчөмү гана Борбор Азия аркылуу өтөт. Товардын калган бөлүгү көбүнесе деңиз аркылуу ташылууда. Анткен менен банктын Борбор Азия жана Батыш Азия боюнча регионалдык директору Роберт Синин айтымында, жаңы "Жибек жолун" кайра куруунун максаты - Европа менен Кытай ортосунда товар ташууга жол ачуу эле эмес. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысына берген интервьюсунда белгилегендей, долбоорго катышуучу мамлекеттер андан пайда аларында:

-Бүгүн бул өлкөлөрдүн көпчүлүгү – чийки зат өндүрүүчүлөр, бирок аларда өнөр –жайлашуунун, товардын башка түрлөрүн чыгаруунун мүмкүнчүлүктөрү бар. Маселен, аларда айыл-чарбасына байланышкан кайра иштеетүү өнөр-жайын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү жогору. Ал жолдордун айрымдарын калыбына келтирүү, жолдо жүрүү убактысын азайтуу аркылуу бир катар продукциялар боюнча бул өлкөлдөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү артат. Менимче, бул - аталган транспорттук стратегия берип жаткан мүмкүнчүлүк.

Стратегияга ылайык, жаңы курулуучу жана оңдолуучу алты транспорттук коридордун төртөөсү Кыргызстан аймагы аркылуу өтөт. Аяктаган жылы жактырылган статегияны ишке ашыруу үчүн талап кылынчы 19 миллиард доллардын бир бөлүгүн Азия өнүгүү банкы ажыратууну көздөөдө. Борбор Азияга байыркы "Жибек жолунун" жашоосун кайтарууну көздөгөн долбоор кандай ишке ашарын алдыдагы мезгил көргөзмөкчү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG