Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:02

2007-ЖЫЛ САЯСИЙ САЛГЫЛАШТАРГА БАЙ БОЛДУ


Өтүп бараткан 2007-жылы Кыргызстанда урунттуу кандай саясий окуялар болду? Ал мурдагы жылдардан эмнеси менен айырмаланды?

Өтүп бараткан жылдын мурдагы жылдан башкы айырмачылыгы беш премьер-министр алмашканы болду. 2006-жылдын этегинде жаңы Конституциянын кабыл алынышы 24-марттан кийинки президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев менен тандем түзүп өкмөт башчы болгон Феликс Куловдун кызматтан кетишин шарттады. Темир Феликс парламенттен колдоо таба албай калып, ордуна президент менен губернатор кезден чогуу иштешип келаткан Азим Исабеков келди. Жаңы Конституцияга ылайык өкмөт түзүмүн негиздөөчүлөрдүн бири Исабеков Кулов жактаган HIPC программасына каршы чыккан өкмөт башчы болду. Карыздан кутулам деп HIPC программасына кирүү кыргыздын намысына тиет деп эсептеген коомчулук президент менен өкмөт акыркы сөзүн айткыча байма-бай акцияларды уюштуруп турушту.

2006-жылкы ноябрь митингдеринде оппозициянын ана башында турган «Социал-демократтар» партиясынын лидери Алмаз Атамбаевдин өкмөткө келишине апрель митингдери түрткү болду. Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов баштаган «Бириккен фронт», «Реформа үчүн!» кыймылынын аны колдогон канаты бийликтен чукул Конституциялык реформаны, президент Курманбек Бакиевдин кызматтан кетишин талап кылып, 9-апрелде узак мөөнөттүү митинге чыгышты. «Биз эки жылдан бери реформа деп таңдайыбыз кургаганда кетсинге өттүк», «Акүйдөн карга-кузгундар кетсин!», «Бакиев кетсин!» деген саясатчылардын чакырыктарын жер-жерлерден келгендер кубатташты. Ушундай маанай менен акүйдүн жанына бозүй, чатырлары менен жайгашкан элди күч бийлиги 19-апрелде көздөн жаш агызчу куралдардын жардамы менен кууп таркатып, чатыр, бозүйлөрдү аянттан заматта тазалап салышты.

Алмаз Атамбаев бул ирет Феликс Куловго караганда Курманбек Бакиевге көбүрөөк ыктап, бул өз кезегинде анын премьер-министрликке келишин шарттады. Атамбаев премьер болгон жарым жылга жакын мезгилде кымбатчылык күчөп, инфляция өстү. Бирок президент Атамбаевди кетирип жатып, ал экономиканы турукташтыруу, конституциялык реформа жүргүзүү милдеттерин аткаргандыгын жар салды.

Ошентип, Атамбаев президент өзүнө каршы күчтөрдү жоошутуп, убакытты утуу максатында пайдаланган кезектеги саясатчы болду. Иш жүзүндө Социал-демократтардын лидери даярдаган баш мыйзамдын жаңы редакциясы Конституциялык сотко барган бойдон ың-жыңсыз кетти. Анын ордуна Конституциялык сот мурда оппозицияда жүргөн депутаттар Мелис Эшимканов менен Кабай Карабековдун арызынын негизинде 2006-жылдын этегинде удаа кабыл алынган эки конституцияны тең жокко чыгарды. Бул президент Бакиевдин кийинки чукул чечкиндүү кадамдарына жол ачып берди. Президент дароо партия түзүп, конституциянын жаңы редакциясын, аны менен кошо шайлоо кодексин даярдап алып референдумга чыкты:

- Элдин ишеничин акташыбыз керек. Элдин ишеничи кете элек. Биз ишенебиз ушу бийликке деп атышат,- деди ал референдумда добуш берип чыккандан кийин.

Референдум өтөрү менен Жогорку Кеңешти таратып, парламенттик чукул шайлоо жарыялады. Президенттин мындай ишенимдүү аракеттерин байкоочулар Орусиянын колдоосуна жорушту. Дегеле Бакиевге он президенттин катышуусунда өткөн ШКУнун августтагы Бишкек саммити олуттуу аброй жыйнап берди. Бул саммитте Орусия президенти Кыргызстанга 2 млрд. доллар инвестиция берүүгө даяр экенин билдирди. Орусия, Казакстан өңдүү мамлекеттерге ыктап баратканын Бакиев референдум алдында «Ак жол» партиясын түзүү аркылуу дагы бир ирет ырастагандай болгон. Бакиевдин партиясы шайлоодо 71 мандат топтоп берди. Бир топ байкоочулар бул партия шайлоого катышып жаткан СДП төрагасы Атамбаев кеткенден кийин бийлик ресурстарын атаандашсыз, ээн-эркин пайдаланды дешти.

Атамбаевдин ордуна премьердин милдетин аткарууга убактылуу келген Искендербек Айдаралиев айрыкча Таласта «Ак жолго» жакшы колдоочу болуп бергени айтылды. Президенттик партия лидерлери шайлоо тыянагы чыкканга чейин эле өз жеңиштерине бекем ишенимде болушту. Партиянын атын атабаганы менен иштерман партияны колдоорун президент 16-декабрдагы шайлоодо добуш берип чыккандан кийин журналисттерге билдирди:

- Жаңы парламент башкача парламент болот. Бул парламентке жаңы күчтөр, жаңы адамдар, жаштар, аялзат, башка улуттун өкүлдөрү келет. Экинчиден, мен добуш бергенде дагы иштермандардын партиясына добушумду бердим.

Ал эми кийинчерээк Жогорку Кеңешке төрага болгон Адахан Мадумаров парламент өңчөй «Ак жолдон» куралат деген ишенимин да 16-декабрда айтып жиберди:

- Жашырбай эле коеюн кээ бир учурда ичте бир партиялуу болуп калабы деген да божомолдор бар. Эбегейсиз чоң колдоого ээ болуп атабыз.

Бирок парламентке «Ак жол» менен кошо Социал-демократтар, Коммунисттер партиялары калган 19 мандатты бөлүшүп келип калышты. Муну байкоочулар чыныгы оппозицияны өткөрбөө үчүн «Ак жолдун» жең ичинен макулдашылган формалдуу тандоосунун тыянагы катары баалашты. Шайлоочулар арасында таасири күчтүү саналган, жарышта «Ак жол» менен үзөңгүлөш келаткан оппозициялык «Ата мекен» партиясы марага чыккан жок. «Ата мекендин» тарапкерлери, байкоочулар, алар менен катар ЕККУнун байкоочулары, АКШ парламенттик быйылкы шайлоону одоно мыйзам бузуулар менен коштолгон, административдик күчкө салынган шайлоо болду деп тыянакташты.

Мандатка ээ болгон партиялар болсо дароо Жогорку Кеңештин, өкмөттүн түзүмүн аныктап, жаңы өкмөт башчылыкка Игорь Чудиновду сунуштап, төрагалыкка экс-мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровду шайлап, жаңы жылдык эс алууга тарап кетишти.

БШК төрайым Клара Кабилова шайлоону жыйынтыктап атып, «Шайлоо ачык-айкын, бардык демократиялык принциптерди сактоо менен өттү» деди.

«Ата мекен» партиясы өз кезегинде шайлоо тыянагын БШКдан көз карандысыз чыгарып, парламенттик шайлоону тааныбай тургандыгын жарыялады:

- Бул шайлоо эмес. Мындай шайлоо Кыргызстандын тарыхында да, дүйнөнүн тарыхында да болуп көргөн эмес. Бул шайлоо эмес эле ашепке, теңдеши жок зөөкүрчүлүк,- деп билдирди партиянын талапкерлер тизмесинде экинчи турган саясатчы Кубатбек Байболов.

Бирок добуштар эбегейсиз одонолук менен уурдалды деп кайрылгандардын бири да сот тарабынан канааттандырылган жок. Шайлоонун тыянактарына нааразылык билдирип, партиянын 14 аял лидери ачкачылыкка чыгышты. Митинг, пикет өткөрүү аракеттери жасалып, бирок алар кармоолор, камоолор, соттошуулар менен коштолду.

«Мен ишенбейм» акциясына катышкан 16 жаран жаза алганга үлгүрдү. Милициянын мындай батыл аракеттерине Бишкек шаар бийлигинин шайлоо алдында кабыл алган нааразылык акцияларын иретке келтирүү боюнча токтому негиз болуп берди. Шайлоодон кийин Каракол шаарында нааразылык акцияларын өткөрүүгө кичи стадионду чектеп, караколдук депутаттар Бишкек шаар кеңешине тилектештик билдиришти.

Дегинкиси 2007-жылы саясий кылмыш иши жыйырмадан ашык адамга тагылды. Алардын көпчүлүгүнө "апрель митингдеринде, Кеминдеги депутаттыкка шайлоодо массалык баш аламандык уюштурду, Таласта мамлекеттик ишмерге, атап айтканда өкмөт башчы Алмаз Атамбаевге кол салууга аракет жасады" деген айыптар коюлуп, алды соттолуп, арты дале соттук териштирүүлөрдө жүрүшөт. Ошол эле учурда 19-апрелде массалык баш аламандык уюштурду деп айып тагылган саясатчылардын бири Өмүрбек Субаналиев президенттик администрацияда коопсуздук жана коргонуу бөлүмүн башкарып калды. Ал эми Феликс Кулов менен Өмүрбек Абдырахманов саясий ишмердүүлүгүн улантышууда. Кемин окуясында башкы күнөөкөр саналган экс-президенттин кызы Бермет Акаева 16-сентябрда Казакстанга чыгып кетти. Ушундай көрүнүштөргө көз салган укук коргоочулар жылы бою бийликти өлкөнү саясий соодалашуунун очогуна айландырды деп сындап келишти. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдырасулованын айтымында:

- Аксы боюнча прокуратура саясий чечим кабыл алса, Бермет Акаева боюнча коопсуздук кызматы саясий чечим кабыл алса. Ошол эле иштер боюнча Жогорку Сот саясий чечим кабыл алса, бизде анда мыйзамдуулук жок да.

Белгилүү укук коргоочу, кийин Социал-демократтар партиясынын жооптуу катчысы болуп жүрүп, шайлоо мезгилинде бюллетень чатагы боюнча кылмыш козголгон Эдил Байсаловдун өлкөдөн чыгып кетиши жылдын таңгалычтуу окуяларынын бири болду. Экс-президент Аскар Акаевди өлкөдөн качып кетти деп сындап жүргөн Байсаловдун кайда экендигин партиялаштары билишпейт. Бирок партия анын күнөөсү жок деп айтуудан тажаган жери жок. Баш прокуратура Байсалов шайлоо бюллетенин мөөнөтүнөн мурда коомчулукка жарыялап жиберип, мамлекетке 11 млн. сомдон ашык чыгым алып келди деп кылмыш козгоп, издөө жарыялады. Социал-демократтар партиясына ушул эле себепке байланыштуу 20 миллион сом доо коюлууда. Ошол эле учурда Кыргызстандын жараны эмес деп шайлоодон четтетилген СДП төрага орун басары Өмүрбек Бабанов Жогорку Сотто бардык укуктарын кайра кайтарып алды. Ошону менен бирге ал өзүнө таандык депутаттык мандатын Роза Отунбаевага берип, бир топ саясий упай топтоп алды.

Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпаргүл Арыкованын мамлекетке чыккынчылык кылды деп камакка алынышы жылдын чуулгандуу окуяларынын бир болду. Жайында камакка алынган журналисттин кылмыш иши качан аяктай турганы белгисиз. Бул аралыкта байкоочулардын кыйласы журналистти саясий оюндардын курмандыгы катары баалашты.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG