Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:13

Россиянын ички иштер министрлигинин делегациясы Бишкекте болуп кетти


Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, эки күндүк сапар менен Бишкекте Россиянын ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин башчынын орун басары генерал-майор Ю.Бабкин жетектеген делегация болду. Сапар учурунда ал Бишкекте Кыргызстан ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин башчысы генерал А. Бакаев менен жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча келишимге кол койду. Тараптар ал боюнча тажрыйба алмашуу, атайын багыттагы аскерлерди даярдоо, тоо шарттарында машыгууда кызматташат. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG