Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:38

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Кремлдин алдындагы Маненж аянтында бейшемби күнү жардыруу болуп ал жердеги ири соода комплекстен миңдеген кишилерди шашылыш көчүрүү болгон. Ырасмий бийлик окуянын себебин боолануу петарданын жарылып кетишинен улам болуптур деп билдирген. Анын эртеси Москва шаардык ГУВД жетекчиси Пронин билдиргенге караганда Манеж аянтында колго жасалган бомба жардырылган. Жардыруудан «Охотный ряд» соода комплексин чүмкөп турган айнектеринен жарака кеткен, бирок эч ким жабыркаган эмес. «Ээн баштык кылуу» беренеси астында кылмыш иши козголгон. Анализчилердин баамында бул Черкизов базарында болгон жардырууга абдан окшош.

Бейшемби күнү кечки саат алтыда Кремлдин алдындагы айтылуу Манеж аянтында (азыр ал аянттын алды оюлуп, жердин астын карай кеткен сегиз кабат имарат курулган) соода комплекси курулган, ошол жерден укканды селт эттирген, «дүң!» эткен катуу үн чыккан. Көп өтпөй соода кылып жүргөн кишилерден миңдегенин шашылыш түрдө тышка чыгара башташкан.

Милиция жана башка күч органдары ошондон тарта Кремлге чукул жердин барын тосуп, Мамдуманын эшигин жаап, эч кимди киргизбей да чыгарбай да тосуп салышкан.

Ал жерге шаар башчы Юрий Лужков менен чукул кырдаалдар министри Сергей Шойгу келип жагдайды карап чыккыча тосулуп салынган. Акыры шаар башчы: «баң!» эткен үн боолануу питарданын жарылып кетишинен улам болуптур, жабыр тарткан эч ким жок» - деген билдирүү жасап тосук алынып салынган.

ИНТЕРФАКС жазганга караганда соода комплексинин айнек түндүктөрүнүн бир нечеси жарылып, мармар таш тышталган дубалдар бети урап, кооздук үчүн тургузулган шам түркүктөрүнүн бешөө быркырап калган. Окуяны иликтөөгө алгандар айтканга караганда кылмышкер тротилдик өлчөм менен алганда 200 граммдан 500 граммдай жардыргыч зат колдонгон.

Тартип коргоо кызматындагылар болсо «Охотный ряд» соода түйүнүндөгү окуяны анын эртеси кадимки эле жардыруу экен деп чыгышты. Алардын божомолунда аны 2006-жылы август айында Черкизов базарын жардырган экстремисттер уюштурган. Маскөө шаардык ИИМ башкармасынын жетекчиси Виктор Пронин айтканга караганда: «ал кылмыштын иликтөөсүнүн жүрүшүндө ар күн сайын соттун имараты жардырылганы атат, астына мина коюлду деп коркутуп-үркүтүү уланууда».

«Охотный рядда» кол менен жасалган нерсе жарылды. Ичине бир нече темир-тезек салынган, азот-кычкыл тузу кошулган. Пластикага оролгон экен. Эксперттер дагы кандай кошулмасы болгонун тактап атышат», - деген шаар башчы.

Кеткен жылы Черкизов базарында жардыруудан 13 киши көз жуумп 47 киши майып болуп калышкан.
Ал базарды жардыруу боюнча бир нече улан кармалып алар улутчул «Спас» уюмдун мүчөлөрү экени аныкталган.
XS
SM
MD
LG