Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:48

14:28 Т. Акун: УТРК өч алуу куралына айланууда


Мындай пикирин Президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында бир нече күн мурун улуттук телеканал аркылуу ал жетектеген комиссияга бир тараптуу сын дооматтар айтылган. “Мен муну өч алуу аракети деп баалайм. Себеби “Де Факто” гезитине берген интервьюмда УТРК жетекчилигинин алып барган ишине канаатанбастыгымды билдиргем. Ал эми аталган мекеменин вице-президенти Эрнис Кыязовдун Өмүрбек Текебаевге каршы кылган иш аракетин туура эмес деп өзүнө айткам. Эми алар жарандардын салыгы менен каржыланган мекемени өз кызыкчылыгында өч алуу мекеме катары пайдаланып жатышат”, - деп кабатырланууда Турсунбек Акун. (ESu)

XS
SM
MD
LG