Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:23

15:05 ВООН ПРООН региондордогу жаштардын пикирин чогултат


Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун “Жаштар программасынын” коомчулук менен байланыш координатору Айнура Жапарованын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча, келээрки жылдын январь айында өлкөдөгү баардык аймактарда тегерек столдорду өткөрүү пландалууда. Ага региондордогу активдүү жаштар катышып, жаштар саясаты, экономика, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо жана башка көптөгөн суроолордун айланасында талкуу өткөрүшмөкчү. Ал эми январьдын этегинде жыйынтыктоочу чоң конференция уюштурулуп, жыйынтыгында бийлик органдарына жаштардын сунушунан турган “Ак китеп” чыгарылмакчы. Ал конференцияга чет мамлекеттерден да адистер келип катышаары күтүлүүдө. (ESu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG