Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

САДДАМДЫН ДАРГА АСЫЛЫШЫНА 1 ЖЫЛ: ИРАКТА КООПСУЗДУК ЧАРАЛАР КҮЧӨТҮЛДҮ


Бүгүн Ирактын мурдагы лидери Саддам Хусейндин тарапкерлери Багдаддын түндүгүндө анын дарга асылганынын бир жылдыгына карата бейитинин жанында чогулду. Ирак соту Хусейнди 148 ирактык шийилер кырдырылган чейрек кылымдай илгерки окуя боюнча адамзатка каршы жасаган кылмышы үчүн айыптуу деп таап, өткөн жылы 30-декабрда дарга асууга өкүм кылган.

Бүгүн көпчүлүк сунниттер, студенттер Ирактын мурдагы диктатору Саддам Хусейн көмүлгөн Авжа шаарында чогулуп, Куран окушту. Байжат уруу башчысы Али ан-Нида Франс Пресс агенттигине берген маегинде, “өлкө үчүн кызмат өтөгөн жана Ирак элин коргогон президентти эскерүү үчүн” чогулгандарын айтты.

Дубалдарда “Биз Саддам Хусейн үчүн өч алабыз” деген ураандар жазылган, ал эми кыштакты жана коңшу Тикрит шаарын полиция көзөмөлдөөдө.

Ирак бийлик өкүлдөрү коопсуздук күчтөрү бардык митингдерге даяр турганын маалымдады. Ишемби күнү Давр кыштагында белгисиз мөөнөткө коменданттык саат киргизилди. 2003-жылы ушул кыштакта АКШ аскерлери сунниттердин лидери Саддам Хусейнди камакка алган.

Ишемби күнү болжол менен эки миңге чукул адам Иорданиянын борбору Амман шаарында чогулуп, Ирактын мурдагы лидерин эскеришти. Мындан бир жыл мурун Саддам Хусейн дарга асылаар алдында мыскылдоого туш болгонун көрсөткөн видеотасманын тегерегинде жаңжал чыккан эле. Бул тасма дүйнөлүк басма сөз каражаттарында жарыяланган.

АКШ президенти Жорж Буш Саддам Хусейндин өлүмү Ирактагы зордук-зомбулукка чекит коет деген маанайда сөз сүйлөгөн. Хусейндин сөөгү 2003-жылы Мосул шаарында кагылышууларда өтүрүлгөн уулдары Удай жана Кусайдын жанына коюлду.

Багдаддын айрым тургундары Саддам Хусейндин өлүмү менен өлкөдө бир катар алга жылыштар болгонун айтышты. Салам ас-Судани мындай дейт:

Саддам Хусейнди дарга аскандан кийин биз алда канча чоң өзгөрүүлөрдү көрүп жатабыз. Бизде сөз эркиндиги пайда болду. Террорчулук жана кандуу кагылышууларга карабастан Ирак эли өзгөрүүлөрдү байкады. Бул өзгөрүүлөр биздин келечегибизди жаңы багытка жетелейт.

Бирок Хусейндин өлүм жазасына буйрулушу учурунда ирактык сунниттер арасында чоң нааразылыкты жараткан. Байкоочулардын баамында 69-жаштагы лидердин дарга асылышы Ирактагы шииттер тобу арасында да ажырымды пайда кылды. Февралда “ал-Каида” уюму шииттердин ыйык жайы деп эсептелген Самарра шаарында террордук чабуул.

Багдаддын тургуну Али Авис буларды айтат:

Албетте, Саддамдын дарга асылышында саясий жүйө бар. Мен ойлойм, андан бери Ирактын саясий турмушунда эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок деп. Тескерисинче ошол окуя Ирак эли арасында кыжырданууну жаратты, себеби ирак калкы Хусейн саясий себептерден улам өлтүрүлгөнүн айтып жатат.

Хусейн дарга асылгандан кийин эки жума өтпөй анын аталаш агалары Барзан Ибрагим жана Авад Ахмад ал-Бандар дагы өлүм жазасына тартылган. Адамзатка каршы кылмыш жасаган деп айыпталган мурдагы коргоо министри Султан Хашим ат-Тайи, “Химик Али” атыккан Али Хасан ал-Мажид жана мурдагы Жогорку аскер колбашчыларынын бири Хусейн Рашид ат-Тикрити да өлүм жазасына өкүм кылынган, бирок бул өкүм жүзөгө ашырыла элек.

XS
SM
MD
LG