Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Пакистан оппозициялык Элдик партиясы 8-январга белгиленген парламенттик шайлоого катышат


Бул тууралуу Беназир Бхуттонун күйөөсү, Элдик партиянын теңтөрагасы Асиф Али Зардари билдирди. Буга чейин Наваз Шариф жетектеген дагы бир оппозициялык партия парламенттик шайлоого бойкот жарыялоого чакырган. Ушул эле күнү партия өткөргөн жыйында Беназир Бхуттонун 19-жаштагы баласы Билавал Элдик партиянын төрагасы болуп дайындалганы маалым болду. Пакистан оппозиция лидери Беназир Бхутто бейшемби күнү жанкечти жардырган бомбадан курман болгон.

XS
SM
MD
LG