Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

Оппозициянын апрель митингисинин кууп таркатылышы, ШКУнун Бишкек саммити, референдум аркылуу конституциянын кабыл алынышы, парламенттик шайлоо - 2007-жылдагы Кыргызстандын саясий майданындагы ири окуялардан болуп калды. Бул жылы ар кандай кырдаалда төрт жолу өкмөт башчы алмашты.

Сөз башынан болсун. 2007-жыл Конституция тууралуу бүтпөгөн талкуулардын уланышы менен башталган.

2006-жылдын 30-декабрында Конституция мыйзамсыз кабыл алынды, ал долбоордо президенттин ыйгарым укуктары чоңойтулган дешип оппозициялык күчтөр жана бир катар укук коргоочулар Баш мыйзам долбооруна президент кол койгучакты каршылыгын көрсөтүшкөн. Президент Курманбек Бакиев Конституциянын бул долбооруна январды ортолоп барып кол койгон.

Баш мыйзам жаңырганда Феликс Кулов башында турган өкмөт бүтүн курамы менен кызматтан чегинген эле. Кийинчерээк президент Куловдун талапкерлигин эки жолу парламентке сунуштап, бирок экөөндө тең көпчүлүк депутаттардын колдоосун тапкан эмес.

Тандемдеши Бакиев премьер-министрликке кайра көрсөтөөрүнө Кулов үмүттөнгөнү менен президент саясий кырдаалдын оорлошуп кетерине шылтап, аны үчүнчү ирээт сунуштаган жок:

“Тандем боюнча өнөктөшүм менден кутулуунун ыңгайлуу учурун күтүп турат деп мага далай эле айтып келишкен” – деп Кулов билдирүү жасап, ушундан кийин келишкис оппозицияга өткөн.

Премьер-министрлик такка Куловдон кийин Азим Исабеков отурду. Исабеков ага чейин айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри болуп иштеп турган.

Ошол убакта тышкы карызын төлөөгө кудуретсиз жакыр мамлекеттер үчүн программа – ХИПИКке кирбөө маселеси дал ушул Азим Исабеков кыргыз өкмөтүнүн башында турганда чечилген. ХИПИКке кирүүгө каршы нааразылык иш-чаралардын демилгечиси жаштардын “Жебе” саясий кыймылы болгон.

Мындан соң Феликс Кулов баштаган оппозициялык күчтөрдүн “Кыргызстандын кең келечеги үчүн” деген ураан алдында Бириккен Фронт түзүлгөн. Фронт конституциялык реформаны талап кылып ири нааразылык иш-чара өткөрүүгө камдана баштаганда президент Курманбек Бакиев кырдаалды жумшартуунун аракетин кылып, оппозиция менен коалициялык өкмөт түзүү ниети бар экенин билдирип, “Реформа үчүн” кыймылдын лидерлерин бири Алмазбек Атамбаевди өкмөт башчы кылып дайындаган.

Бирок Атамбаевдин премьер –министр болушун анын айрым саясий тилектештери айыптап, муну президенттин кезектеги көз жазгырган саясий жүрүшү деп чыгышкан.

Бириккен фронттун мөөнөтсүз митинги апрелдин он биринде башталган. Каршылык иш-чарасы 19-апрелде кууп таратылып, Фронттун лидерлери жана айрым катышуучулары массалык баш аламандыкты уюштурду деп айыпталган. Акцияга чыккан төрт атуул төрт жылга кесилип кетти. Фронттун жаш канаты делген “Канжар” жаштар уюмунун жигердүү мүчөсү Адилет Айтиекеевдин иши дале сотто териштирилип жатат.

Ошондо эле айрым жаш саясатчылар мындан ары нааразылык акциясына чыккандарга куугунтуктоо өнөкөткө айланып, тыюу салынбаса экен деп кабатырланышкан болчу.

“Азыр күч колдонулду. Бийлик тарабынан колдонулган күч заматта эле натыйжасын берди. Эми мындан кийин күч колдонуу салтка айланып калышы мүмкүн. Балким кийин тынч митинг өткөрүү, өзүнүн оюн эркин бидирүүгө коркунуч туулуп калышы мүмкүн,”- деп билдирген “Эркин Муун” либерал жаштар альянсынын лидери Мирсулжан Намазалиев.

Айткандай эле ушул жыл этегинде, парламенттик шайлоонун так алдында Бишкек шаардык кеңеш нааразылык чаралардын өтүшүн чектеген токтом кабыл алып, эми мурдагыдай “Кетсин!” деген ураандарды жаңыртып, Алатоо аянтына миң сандаган элди жыйноо кыялдарда гана калды окшойт.

2007-жылдын жай ичи Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкек саммитин өткөрүүгө даярдык көрүү менен өттү десе болчудай. 16-августтагы Саммитке ШКУга мүчө алты мамлекет башчысынан сырткары ардактуу конок жана байкоочу болуп дагы төрт президент, эки мамлекеттин министрлери катышкан. Бул мартабалуу жыйында Кыргызстан өз пайдасына жакшы демилгелерди көтөргөн жок деген сыяктуу сындар айтылган менен, саммиттин ийгиликтүү өтүшүнө, анда кабыл алынган он документтке топук кылгандар көп болгон.

Сентябрда саясий майдан жанданып, Баш мыйзам чыры кайрадан тутанды. Депутаттар Кабай Карабеков менен Мелис Эшимканов ноябрь жана декабрь Конституцияларынын мыйзамдуулугунан шек санап Конституциялык сотко кайрылышкан. Сот ал долбоорлорду мыйзамсыз деп таап, натыйжада Кыргызстан мурунку президент Аскар Акаевдин доорунда 2003-жылы кабыл алынган Конституцияга аз убакытка кайтып келди.

19-сентябрда президент эл-журтка кайрылып, Конституция боюнча референдум өтөөрүн ачыктады. 21-октябрда бүткүл элдик добуш берүүгө президент сунуштаган Баш мыйзам долбоору менен Шайлоо кодекси коюлду.

Расмий бийлик чукул мөөнөттө өткөн референдум эң эле ачык, айкын болгонун, ага добуш берүүгө жарамдуу калктын сексенден ашыгыраак пайызы келип, шайлоочулардын көпчүлүгү Баш мыйзамды колдогонун жар салган. Оппозиция болсо бул жыйынтык алда канча апыртылганын, добуш берүү одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыгышкан.

Өлкө Конституциясынын тагдыры чечилип, референдумдун расмий жыйынтыгы толук чыга электе президент парламентти таркатып, партиялык тизме менен жаңы парламенттик шайлоо болоорун айтты. Бакиев депутаттарды кетирип жатып аларды бийликтин башка бутактарынын ишине ашкере кийлигишип, ээнбаш болчу деп айыптап, эмкисинде татыктуу адамдар депутат болот деп ишендирип өткөн болчу:

- Көп учурда Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө далалат кылып келди. Бийликтин башка бутактарынынишине кийлигишүү массалык, кээде жол берилгис мүнөздө жүрүп жатты.

Бул кайрылуудан соң көп узабай президенттин таламын талашкан саясий күчтөрдүн “Ак жол” партиясы түзүлгөн. Ал эми оппозициялык күчтөр “Ата Мекен” партиясынын туусу алдында шайлоого аттанышкан.

“Шашылыш жарыяланган шайлоолор оппозициялык күчтөрдүн биригишине түрткү болду. Биригүүнүн тилекке каршы бир гана жолу бар. Бул – тигил же бул партиянын тизмесине кирүү”, - деген “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев шайлоого баратып.

Жалпысынан парламенттик шайлоого элүү партия катышуу ниетин билдирген болчу. Эленип отуруп шайлоого алардын он экиси гана барды. Бийликчил “Ак жол” партиясынан кийин эле элдин эң көп добушун “Ата Мекен” партиясы топтогон эле. Бирок Ош шаарынан жарым пайыздык чектен өткөн жок делинип атамекенчилер парламентке кирбей калды.

Оппозициядагы ири саясий лидерлердин Жогорку Кеңешке келбей калганына “Ак жол” партиясынан депутат болгон Алишер Мамасалиев азыраак өкүнүчүн билдирген:

- Шайлоо - бул саясий күрөш. Жеңгендер бар, жеңилгендер бар. Албетте “Ата Мекен” партиясынын тизмесиндеги мен сыйлаган адамдар азыркы парламентке келип, өз салымдарын кошсо жакшы болот эле.

“Ата мекен” партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын, талаштуу аймактарда кайрадан шайлоо өтүшун талап кылып турган чагы.

Бир катар жаштар уюмдары жана партиялардын жаштар канатынын лидерлери шайлоо ыплас өткөнүнө кыжалат болуп “Мен ишенбейм” деген каршылык акциясын баштаган. Акция катышуучуларынын айрымдарын жана эки укук коргоочунун милиция кармап, алардын иштери сотко өткөн. Бирок жаштар мындай аракеттерди бийликтин коркутуп-үркүтүү амалы катары сыпатташып,баштаган аракеттеринен кайтпастыгын “Ата Мекен” партиясынын жаш лидери Жоомарт Сапарбаев билдирген болчу:

“Бул шайлоо адилет өткөн жок. Бул шайлоо эмес, жөн эле маскарапоз-шоу болду. Биз мыйзам кандай бузулганын өз көзүбүз менен көрдүк. Байкоочуларга кол көтөргөн учурлар болуп, зордук-зомбулук орун алды. Албетте биз буга каршыбыз. Биз дагы чыгабыз. Чыга беребиз. Анткени биз, жаштар тажадык. Шайлоого да, президентке да, бийликке да ишенбейбиз. Анткени бийлик өзүнүн “бетин” көрсөттү.”

Өтүп бараткан жылдагы көз токтотуп, сереп салчу окуялардан катарына мурунку президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаеванын депутаттыкка ат салышуу аракети менен байланышкан окуяларды, Таласта Алмазбек Атамбаевге жергиликтүү элдин кол салышын, Жогорку Кенештин маалымат кызматкери Жыпаргүл Арыковага тыңчылык кылды деп айыпталып жаткандыгын кошсо болот.


Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек
XS
SM
MD
LG