Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:26

Пакистан бийликтери 8-январга белгиленген парламенттик шайлоону башка мөөнөткө которуу жөнүндөгү маселени бүгүн, шейшемби күнү караганы жатат. Кечээ кечке жуук борбордук шайлоо комиссиясына бардык провинциялардагы жагдай тууралуу атайын маалыматтар келип түшмөк. Ошонун негизинде шайлоону качан өткөрүү маселеси чечилет. Экс-премьер Беназир Бхуттонун өлүмүнөн кийин өлкөдө абал кескин курчуп кетти.

Пакистан элдик партиясын эми Беназир Бхуттонун күйөөсү Азиф Али Зардари менен уулу Билавал жетектеп калды. Ата-бала экөө тең шайлоонун өз мөөнөтүндө өткөрүлүшүн талап кылышууда. Алардын чечимин оппозициядагы дагы бир партия – мурдагы премьер Наваз Шариф жетектеген Мусулман лигасы да колдоду. Шариф мындан үч-төрт күн илгери анын партиясы шайлоого бойкот жарыялай турганын айткан эле.

Беназир Бхуттонун өлүмүнөн соң өлкөнү тоз-тополоңдун толкуну каптады. Анын кесепетинен провинциядагы шайлоо жайлары да жабыркады. Алардын ахыбалын билгени борбордук комиссия атайын отчет талап кылды. “Жалпы жагдайдан кабардар болгону Синд, Пенжаб, Белужстан,түндүк-батыш чек ара аймактарындагы жергиликтүү бийликтерден атайын маалыматтарды талап кылдык,ошондой эле жергиликтүү шайлоо комиссияларынын да отчетун сурадык, докладдардын баары колго тийгенде, шайлоо жөнүндө бир жаңсыл чечим кабыл алабыз”, - деп билдирди борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы.

Пакистандык саясий аналитик,отставкадагы генерал Талат Масуд бийликте турган партия шайлоонун бир топ кийинки мөөнөткө которулушун каалайт эле деп эсептейт. “Анткени алар парламентке кайра келгенге мүмкүнчүлүгү аз экенин, буга кошумча шайлоо процессин мурдагыдай башкара албай каларын да жакшы билишет. Менимче, алар ушуну көздөп жатышат”,- деп айтты ал “Азаттыктын” кабарчысына.

Исламабаддын тургундары да эл ушу тапта Бхуттонун өлүмүнө катуу кайгырып турганын айтып, ошондуктан алар анын партиясын жактап добуш бергенге даяр экенин, эгер шайлоо бир топ кечирээк мөөнөткө которулса,анда элдин кайгысы кайта түшүп, ынтаасы да өзгөрүлүп калышы мүмкүн экенин айтышты.

Бхуттонун өлүмүнөн кийин өлкө үч күн бою тоз-тополоң түшүп турду.Будуң-чаңда алтымыштай адам набыт болду, жүздөн ашуун киши жабыркады. 700дөй автомашина өрттөлдү, 160 банк, 300дөй имарат,18 темир жол бекети, он беш поезд талкаланды. Армия жекшемби күнгө барып гана кырдаалды өз колуна алганга жетишти.

Беназирдин күйөөсү Азиф Зардари экс-премьердин өлүмүн эл аралык деңгээлде териштирип чыгууну өтүнүп, Улуттар Уюмуна кайрылды.
XS
SM
MD
LG