Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

АЙТЫЛУУ “ТАГДЫРДЫН ТАМАШАСЫ” ТАСМАСЫНЫН ЭКИНЧИ “ӨМҮРҮ”


Гүлайым Ашакеева, Азаттык, Прага Ар бир эле майрамды тосуунун өзгөчө бир салттары бар эмеспию 31-декабрдын кечин сыналгыдан көрсөтүлө турган “Тагдырдын тамашасы” (“Ирония судьбы…”) тасмасысыз элестетүү мүмкүн эмес. Белгилүү режиссер Эльдар Рязанов тарткан бул комедия 1975-жылдан бери ар жыл сайын көгүлтүр экрандан көрсөтүлүп миллиондогон көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн терең орун алган.

Отуз жылдан ашуун мезгил ичинде фильмдин баш каармандары Женя менен Надя бир туугандарыбыздай эле болуп калгандай сезилет. Бирок бул экөөнүн кийинки тагдыры кандай болгондугу эч кимге белгисиз эле.

Жакында орусиялык рeжиссер, теги казак Тимур Бекмамбетов тарткан "Тагдырдын тамашасынын уландысы" тасмасы бул классикалык фильмдин экинчи "өмүрүн" сүрөттөйт. Жаңы жыл ирегесинде калайык калкка сунушталган тасма көрүүчүлөрдүн ар кыл пикирлерин жаратып, кызуу талкууланууда.

Аталаган жаңы фильмде Женя менен Надянын мамилелери түбөлүккө созулбайт, бир канча убакыттан кийин Надя кайрадан Ленинградга өз үйүнө кайтып келет. Ал эми Женя болсо мурдагыдай эле 31-декабрь күнү достору менен мончого барган салтын улантып жүрө берет. Эми аларга Женянын уулу Костя дагы кошулат.

Кийинки окуянын кызыгы - Женянын достору Павел менен Александр Костяны өз атасы Женянын бир кездеги "эрдигин" кайталатып, Петербурга "сыйкырдуу сапарга" аттандырышат.

Бирок алардын бул жашыруун планын күтүлбөгөн нерсе тап-такыр башка нукка бурат, баарыбызга белгилүү болгон 3-Жумушчулар көчөсүндөгү жыйырма бешинчи үйдүн он экинчи батиринде Надя деген сулуу жашайт, ал болсо баягы Надежданын кызы болуп чыгат.

Дал ушул күнү, 31-декабрда Надянын сүйлөшүп жүргөн жигити Ираклий ага үйлөнүү тууралуу сунушун айтканы келет.

Орусиялык серепчи Дмитрий Быковдун айтуусунда бул жаңы тасма дагы өзүнчө баалоого арзырлык. Көрөрмандар Женя менен Надянын жаңы турмушуна сереп салууга мүмкүнчүлүк алышты жана башкы каармандардын ролундагы белгилүү кино чеберлери Андрей Мягков менен Барбара Брыльска бул фильмде дагы өз кейипкерлерин ойношот.

- Албетте, жаны тасма биринчи фильмдегидей лирикалуу жана өтө таасирлүү болбой калышы мүмкүн. Бирок жаңы тасманын кызыгы - башкы каармандардын аман–эсендиги жана алардын кийинки жашоосуна сереп салуусу. Дагы бир белгилей кетчү нерсе соңку учурдагы өзгөрүүлөрдөн, ар кыл оош-кыйыш окуялардан кийин Совет дооруна, анын калкынын менталитетине кайрадан көз чаптыруу дагы өзүнчө кызык, - деген ой менен Дмитрий Быков бөлүштү.

Ал эми айрым сынчылар болсо тасманын түп нускасындагы саясий сатира башка кызыкчылыкты көздөп, өтө эле коммерциялашып кеткендигин айтышат. Тасманын жүрүшүндөгү бир кыл товардык белгилердин байма-бай көрсөтүлүшү муну далилдейт.

Ал тургай Орусиянын президенти Путиндин дагы жаңы жыл алдындагы куттуктоо сөзү менен фильмде көрүнүшүнүн өзгөчө мааниси бардай сезилээрин серепчилер айтышууда.

Алтымыш алты жаштагы архитектор Юрий Афанасьевдин айтуусунда, көрүүчүлөр үчүн классикалык болуп калган тасманы кайрадан башка нукта жаратуу кайсы бир деңгээлде архитектуранын эрежелерин кайталап жаткандай сезилет. Анын айтуусунда – биз мезгилдин жана көркөм өнөрдүн заманбап талаптарын дагы эске алуубуз керек:

- Биз билгендей Москва деле бир күндө курулган эмес. Бул шаарда биз колубузду тийгизбей тургандай болгон имараттар бар. Бирок жашоо жаңы талаптарын коюда, биз болсо бул имараттарды же таптакыр бузуп ордуна жаны нерсе куруубуз керек, же болбосо аларды өзгөртүп кайрадан жаңы түс берүүбүз керек. Ал эми биз эч нерсени өзгөртө албайбыз деп кесе тыянак чыгаруунун өзү катачылык болуп эсептелет, - дейт орусиялык архитектор Афанасьев.

Орусиялык «Новости» маалымат агенттигинин билдирүүсүндө “Тагдырдын тамашасы-2” тасмасы өткөн жумада эң көп көрсөтүлгөн фильм катары таанылды. Тасманын рекорддук сандагы 1050 нуска көчүрмөсү Орусия жана КМШ өлкөлөрүндө 231 миллион рублге (9 миллиондон ашуун АКШ долларына) сатылган.
XS
SM
MD
LG