Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:12

Түркмөнстан Иранга газ берүүнү токтотсо, Иран Түркияга азайтты


Ирандын Фарс жаңылыктар агенттигинин билдиргенине караганда, Тегерандын Түркияга газ экспортун азайтуусуна кышында керектөөнүн күчөшүнөн улам өлкөнүн өзүндө тартыштык пайда болгону, буга кошумча Түркмөнстандын газ берүүнү токтоткону себеп болду. Түркияга жөнөтүлгөн газ 5 миллион кубометрге азайтылган. Бул күн сайын ага берилүүчү газдын чейрек бөлүгү. Ал эми Түркмөнстан ирандык расмий өкүлдөрдүн айтымында, адатта күнүнө 20-23 миллион куб метр газ берчү, бирок соңку эки күндөн бери көгүлтүр оттун басымы азайып, бүгүн такыр эле токтоп калган. Түркмөнстан мунун жүйөөсү катары техникалык себептерди атаган. Иран расмий өкүлдөрү түркмөн тышкы иштер министри Рашид Мередов газ берүү тез калыбына келерин убада кылганын маалымдашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG