Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:03

7:15 Грузиядагы президенттик шайлоого көз салуу үчүн Кыргызстандан төрт байкоочу жөнөп кетти


Шайлоолорго көз салуучу эл аралык ЕНЕМО уюмунун алкагында Кыргызстандагы бир нече бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бүгүн түнү Тбилисиге учуп кетишти. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча узак мөөнөттөгү байкоочу макамына ээ болгон эл аралык байкоочулар ЕНЕМО уюмунун алкагында Украинадагы, Кыргызстандагы президенттик жана парламенттик шайлоолорго байкоо жүргүзүп келишкен. Бул жолу 5-январда Грузияда өтүүчү президенттик шайлоонун жүрүшүнө көзөмөл кылышмакчы. ЕНЕМО уюмунун байкоочулары 16-декабрда Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоону адилетсиз, бурмалоолор менен өттү, деп баалаган. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG