Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Пакистан президенти Первез Мушараф бүгүн өлкө калкына кайрылуу жасайт


Бул тууралуу президенттин кеңсеси маалымдады. Маалыматтарга ылайык, генерал Мушарраф 8-январга белгиленген парламенттик шайлоону башка күнгө жылдыруу тууралуу билдирүү жасайт. Жанкечти жардырган бомбадан курман болгон Беназир Бхуттонун Элдик партиясы жана башка оппозициялык партиялар шайлоо белгиленген күнү өткөрүлсүн, деп талап кылууда. Өткөн аптада оппозициянын таанымал лидери, мурдагы премьер- министр Беназир Бхутто киши колдуу болгондон кийинки баш аламандыктардан 40тан ашуун киши каза тапты.

XS
SM
MD
LG