Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

10:30 Түштүктөгү зилзаладан жеке менчик төрт үй кыйраган


163 үй, көп кабаттуу алты үй кыйроо абалында, жеке менчик 45 үй капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Бул тууралуу Оштогу оперативдик штабдын нөөмөт бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, комиссия жалпысынан 346 турак жайдын абалын текшерген. Учурда Чукул кырдаалдар министри баш болгон комиссия зилзала болгон жерлерде жер титирөөнүн кесепеттерин иликтөөдө.Алдын ала маалыматтарга караганда курман болгондор жана жаракат алгандар жок. 31-декабрдан 1-январга оогон түнү түнкү саат 12:20 ченде Ош шаарынын жана Араван, Карасуу райондорунун аймагында күчү 5,5 баллга жеткен зилзала болгон. Ал эми 1-январь күнү түшкү саат он эки жарымда болгон жер титирөөнүн күчү Таш-Көмүр шаарынан элүү чакырым алыстыка жайгашкан Үч-Коргон айылында 4,5 баллга, Ош, Кара-Суу, Майлысай, Жалалабад шаарларында 3 баллга жеткен. (AJ)

XS
SM
MD
LG