Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

ЖАЛАЛАБАТ: ЭСКИ ЖЫЛ ЭМНЕСИ МЕНЕН ЭСТЕ КАЛДЫ?


Өткөн жылды Жалалабат облусунун тургундары Аксы окуясы боюнча соттун Жалалабатта өткөрүлүшү, референдум жана парламенттик шайлоодогу оош-кыйыштар, социалдык-экономикалык багыттагы өзгөрүүлөр менен эскеришти.

Облустун тургундары үчүн 2007-жыл жалпы өлкөдөгүдөй эле баш мыйзамдын өзгөртүлүп, партиялык тизме менен парламенттик шайлоонун өткөрүлүшү эсте калды. Шайлоодо бир топ мыйзам бузуулар болгондугун “Ата Мекен”, “Социал-демократиялык” жана “Асаба» партияларынын өкүлдөрү менен "Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо борборунун байкоочулары белгилешти. СДПКнын мүчөсү Анархан Жаңыбаева Сузак районундагы шайлоо участкаларында болгондо адинистративдик ыкмалардын бөтөнчө иштетилгендигин көргөн:

- 16-декабрда болуп өткөн парламенттик шайлоо бир топ мыйзамсыз аракеттерге күбө болдум. Ошол эле административдик ресурстар колдонулду. Башка партияларга берилген бюллетенден “Ак жол” партиясына эсебине эсептелинип калды.

"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын Жалалабат шаарындагы өкүлдөрү 22 шайлоо участкасын көзөмөлдөп турушкан. Уюмдун координатору Уларкан Аттокурова 16-декабрда үй-бүлөлүк добуш берүүлөрдү жана тизмелердин так эместигин, партиялардын атынан турган байкоочулар өз милдеттери менен жакшы тааныш эместигин байкаган:

- Көп элдердин катышалбай калганы байкалды, тизмелер туура эмес болду. Партиялардын байкоочуларынын анчалык жакшы окутулбаганы да байкалды, үй-бүлөлүк бюллетень таштоолор болгон.

Облуста былтыр баалардын өскөндүгүнөн керектөөчүлөрдүн укугу жетишерлик корголгон жок. Камбарата ГЭСинин курулушу башталганын эске албаганда көптөгөн адамдарды жумуш орду дурус айлыгы менен камсыз кыла турган чоң ишканалар курулган жок. “Эркиндик” партиясынын облустагы төрагасынын орунбасары Кылычбек Маматаевдин эскеришинче пенсия жөлөк пул жана эмгек акыларга кошулган кошумчалар күнүмдүк жашоо талабына ылайык келбеди. Шайлоонун адилет өткөндүгүнөн көпчүлүк күмөн саноодо деп айтты ал:

- Чоң жумуш ордун таап бере турган облус боюнча болгон жок. Элдин көбүрөөк айлык алып иштей турган ишканалар ишканалар болгон жок. Шайлоонун калыс өткөнүнө көзүм жетпейт, элде таарыныч көп болду.

Алты адамдын өмүрү кыйылып, ондогон кишилер жарадар болгон Аксы окуясы боюнча кылмыш иши Жалалабат шаарында каралды. Алаамат окуяны соттук териштирүү мурда түрдүү себептер менен артка жылдырылып келген. Бирок, жабырлануучулардын айтымында депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу үчүн районборборуна бараткан элге ок аткандар менен курал колдонууга буйрук бергендер эмдигиче ачыкка чыга элек. Окуяга түздөн түз тиешеси бар деп коомчулукта айтып келаткан экс-президент менен ошо кездеги өкмөт башчы сотко чакыртылбай, президенттик администрациянын экс башчысы Аманбек Карыпкулов оорусуна бааланыштуу сотко келген жок. Экс губернатор Султан Урманаев депутат болуп турганы үчүн күбө катары сурак берген. Адам укугун коргоочу Абдиназар Маматисламовдун баасы боюнча облустук эки жетекчинин соттолушу менен Аксы окуясын кароодо жылыш болду:

- 2002-жылдан бери ар түрдүү шылтоолор менен өлгөндөр бар, аларды олтүргөндөр жоктой болуп келген маселе быйыл чечилип, быйыл эки адам Жалалабат облусунда табылды. Бул бир топ кишилер үчүн эң маанилүү окуя болду деп эсептейм.

Шайлоо-референдум өз деңгээлинде өтүп, олуттуу мыйзам бузууларга жана коомду бүлүккө салган саясий чыңалуулар болгон жок. Мындай пикирин облбийликтин маалымат катчысы Орозалы Карасартов ортого салды:

- Басып алган имараттар бошотулду, чыңалып турган жагдайлар стабилдештирилди. Шайлоо өз деңгээлинде чыр-чатаксыз өттү.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG