Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

13:05 Н.Байболова: Венеция комиссиясы Кыргызстандагы референдумга баасын берди


Венеция комиссиясы Конституциянын долбооруна жана Шайлоо кодексинин жаңы редакциясына 21-октябрда өткөрүлгөн референдумга өз баасын берип, президенттин ыйгарым укуктары жазылган бөлүктү катуу сынга алышкан. Анда “мыйзамды жазган адамдар дүйнө жүзүндөгү болгон бардык Конституциялардагы президентке тиешелүү ыйгарым укуктардын бардыгын чогултуп туруп Курманбек Бакиевге тартуулашкан”,- деп көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Бишкек шаар кеңешинин мурдагы төрайымы Нуржамал Байболова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Венеция комиссиясы парламент өз алдынча иштебестигин, президент бардык бийликти өзүнө топтоп, эч кандай кепил боло албастыгын баса белгилеген. Ошондой эле комиссиянын жыйынтыгында “эгерде ушундай кризистик сызык менен кете турган болсо Кыргызстанда бийлик ыңкылап жолу менен алмаштырылат деп жазылыптыр”,- дейт Байболова. Жергиликтүү айрым укук коргоочулар болсо Баш мыйзамдан өлүм жазасынын алынып салынышын, шайлоого партиялык тизменин киргизилишин кабыл алынган Конституциянын жаңы долбоорунун алгылыктуу жактары катары баалаган.(AJ)

XS
SM
MD
LG