Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:20

“МАДАНИЯТТЫН 100 ДОЛБООРУ” КАНДАЙ АТКАРЫЛДЫ?


Маданият министрлиги 2007-жылы маданият тармагында 100 долбоорду ишке ашыруу демилгеси менен чыккан эле. Бул аракеттен кандай натыйжа болгондугу тууралуу кызыгып, “Азаттык” маданият министри Султан Раевди кепке чакырган болчу.

-Маданият министрлиги өтүп бараткан жылы 100 долбоорду ишке ашыруу демилгеси менен чыкты эле. Ал долбоорлор кандай аткарылды?

- Маданият министрлиги “100 маданий долбоор” деген демилге менен чыктык эле. Негизинен бардыгы толук аткарылды. Бул 100 долбоорду бир жылда эле аткарып, ошону менен болду деген эмес. Муну биз ошол долбоорлордун эң мыктыларын, элге керектүүсүн өзүнчө бир системага салалы деп атабыз. Себеби көп жылдан бери маданият дымып калган эле. Эң негизги максаты маданиятты активдештиришибиз керек эле. Ошондуктан бул долбоорлорду көтөрүп чыкканбыз. Эми биз азыр маданияттын фундаменталдык маселелери, мыйзамдык базасы жөнүндө, ошндой эле искусстводогу бүгүнкү замандын талабына жараша реформаларды жүргүзүшүбүз керек. Бул реформалардын биринчи баскычы жүрүп атат азыр. Ошондуктан бизде иштей турган иштер аябай көп.

100 долбоорду бизде гана эмес, башка мамлекеттерде да, ЮНЕСКОнун эксперттери да аябай жогору баалашты. Бул биз үчүн аябай ийгиликтүү долбоор болду деп эсептейбиз.

- Ошол реформалардын маани-маңызы эмнеде?

- Бүгүн биз реформаларды театрларда, концерттик мекемелерде жүргүзүшүбүз керек. Себеби бүгүнкү угуучунун талабы дагы, бүгүнкү рынок системасы дагы маданиятты ушул коньюктуранын мыйзамдарына ылайык болушун талап кылып атат. Ал биринчи кезекте бүгүнкү репертуардык саясат кандай болуш керек, бүгүнкү талапка искусство кандай жооп бериши керек? Өзүңөр көрүп атасыңар акыркы кезде массалык маданият аябай дуулдап басып кетип атат. Биз ошол массалык маданиятка конкурент боло турган маданиятты колдошубуз керек. Биздин алдыбызда чыгармачыл багыттагы, ошондой эле бүгүнкү талапка жооп бере турган милдеттер турат.

- Демек, классикалык маданиятты, улуттук түпкү маданиятты азыркы массалык маданияттын селинен алып чыгыш максат экен да негизги?

- Негизи биз массалык маданиятка атаандаш боло ала турган маданиятты жарата алышыбыз керек. Бул өтө оор маселе. Азыр бүгүнкү эстетикалык бөксөлүк, тукулжуроо деп коебуз го, ошонун бардыгы бутубуздан чырмап баратканда биз ушул маселелерге көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. Себеби биздин алдыбызда улуттук маданиятты кантип сактап калабыз, кантип өнүктүрөбүз мындан ары, бүгүнкү талапка кантип жооп беребиз деген көп маселелер турат.

- Быйылкы жылда кандай өзгөчө долбоорлор аткарылат?

- Биз быйылкы жылы КР президенти Курманбек Бакиев маданиятты өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки улуттук программасына кол койду. Ушул программада бардык биз аткара турган маселелер камтылган. Ошондо биз 2010-жылга чейин маданиятты биринчи кезекте мамлекеттик колдоого алуу номур биринчи маселе болду. Мына 3 жылдын аралыгында кыргыз өкмөтү республикалык бюджеттен бир миллиард 436 миллион сом бөлүп атат. Бул бүгүнкү маданиятты жандандырып, маданияттын кайра жаралуу доорун баштаганга чоң түрткү бериш керек.

- Сиздердин министрлик маданият эле эмес маалымат министрлиги дагы деп аталып калды. Бул Маданият жана маалымат министрлиги болгону менен маалымат жаатында колунда эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Гезиттерге таасириңер жок, эч кандай колдоо жок. Ушул жагы кандай болот?

- Ооба, эң туура. Биз КР Маданият жана маалымат министрлиги Кыргызстандагы маалымат саясатын жүргүзө турган мамлекеттик орган катары эсептелебиз. Ошондуктан биз маалымат саясатындагы негизги багыттарды, концепция, стратегияларды аныкташыбыз керек. Ошондой эле мыйзамдык демилгелерди биз алып жүрүшүбүз керек. Мамлекеттин атынан бизге берилген. Бул бир маселе. Экинчи маселе, мына биздин министрлик бир дагы ММК, же башка ага байланышкан уюмдарга биз эч кандай таасир эте албайбыз. Ошондуктан биздин алдыбызда бир дагы структура жок. Бирок биз азыр өкмөттүн жаңы структурасын карап атабыз. Бул башкам мамлекеттерде, мисалы Россия менен Казакстанда Маданият жана маалымат министрлиги бардык телерадиокомпанияларды, гезиттерди карайт. Ошондой эле биз көз карандысыз басма сөздүн, телевидениенин ишин, маалымат саясатын координация кылышыбыз керек. Бул боюнча иштеп атабыз. Мына өкмөт жаңыдан түзүлдү, структуралык чоң өзгөрүүлөр болот деп ойлойм.

- Сиздин жаңы жылдык каалоолоруңуз?

- Кыргыз элине тынччылык, бейпилдик, ынтымак, ошондой эле жыргалчылык каалайм.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG