Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:00

ЖЫЛДА ЖЫЛАН ЖЕП КОЕТ…


Мурдагы жылдарга салыштырмалуу өткөн жылы Кыргызстан экономикасында кадыресе өсүү байкалды. Бирок да өкмөт азык-түлүк, кыймылсыз мүлктүн кымбатташын учурунда байкап, инфляция тизгинин тарта алган жок. Товар өндүрүшү жок акчанын көбөйүшү инфляциянын тез-тез күчөп турушуна өбөлгө түзөт. Өкмөт менен Улуттук банктын Кыргызстан экономикасы туш келген калтыс абалдын кайталанышына бөгөт койчу орток программасы иштелип чыга элек.

2006-жылга салыштырмалуу өткөн жылы Кыргызстан экономикасында кадыресе өнүгүш байкалды. Ички дүң продукт көлөмү 8% ашарын жыл башында эле болжолдонгон. Аны айрым статистикалык көрсөткүчтөр деле тастыктап бере алат. Маселен, 9 айда ИДП көлөмү жыл башында болжолдогон чекке жетти. Өнөр жай өндүрүшү «Кумтөрдү» кошпогондо 9,5% арбыды. Ал эми курулушта өсүш 23% чыкты. Бюджеттин чыгашасынан кирешеси көбөйүп, ашып калган акча 2,2 миллиард сомго жеткени маалымдалды.

Анткен менен инфляциянын күчөп кетиши өлкө экономикасындагы жагдайдын кандайлыгын ачык көрсөткөн көрүнүш болду. Кыргызстандын Каржы министрлигинин тышкы карыздар жана активдер башкармалыгынын жетекчиси Эрнис Абдыразаковдун пикиринде, инфляция акчанын опсуз көбөйүп кетишинен чыкты.

- Акча көбөйүп, анан түзүмдүн бир жеринен эле токтоп калса, бүттү, инфляция башталат. Мына, мисалы, кишинин организмин алалы, бөйрөгү жакшы иштеп, боору иштебесе, адам тамакты жакшы жей албай калат го. Биздин экономика да ошондой болуп жатат, акча көп болуп, экономика аны сиңире албай жатат.

2007-жылы инфляция деңгээли өкмөт алдын-ала болжол кылган 5 – 10% итапкан ашып, 9 айдан соң 20% чапчып, соода балансындагы ажырым 1260,2 миллион долларга жетти. Парламенттин мурдагы депутаты Темир Сариевдин ырасташынча, өкмөттүн кысталыш жагдайдан кантип чыга турган айкын программасы жок болчу.

- Эч кандай жаңы экономикалык саясаты жок. Мына үч жылдан бери жаңы Салык кодексин кабыл алып, экономиканы ичтен жандандыруу аракетин жасап, коррупция менен чындап күрөшсө ошондо кандайдыр бир кыймыл-аракет болуп, жылыш байкалмак. Каржы министрлиги менен Улyттук банктын биргелешкен акча-кредит саясаты болуш керек. Андай саясат жок. Чынын айтыш керек, бизге тикелей инвестиция келген жок. Сактап келаткан нерсебиз – сыртта иштеп жүргөн мигранттар. Ошол 1,5 миллиардка жакын доллар акчаны киргизип жатат.

Экономика жагдайындагы абалдын анчалык жакшы эместигин Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү социалдык проблема – жыл сайын өлкөдөн көчүп кеткендердин санынын арбып баратышы деле эскертип туру. Статистикага кайрылалы: өткөн жылдын 9 айында Кыргызстанда башка жактарга көчүп кеткендердин саны 48 миң кишиге жетти, бул жакка 3200 киши көчүп келген. Мурдагы жылы 23,4 миң киши көчүп кеткен. Антип өлкөсүнөн көчүп кеткендердин саны жыл сайын 20 миңден көбөйүп олтурса өлкөнүн эртеңкиси кандай болот, суроосу өзүнөн-өзү чыгары турулуу иш. Профессор Айылчы Сарыбаевдин ырасташынча, Кыргызстан экономикасынын кендирин кескен маселе коррупциянын чайлап-коолап кетиши болууда.

- Чындыгында биздин 70-80% экономикабыз көмүскөдө. Сырттан товардын көбү аткезчилик менен келип-кетет. Республиканын ичинде канча акча жүгүртүлөт, аны тактап, аныктаган киши жок. Коррупциянын гүлдөп-өнүгүшүнүн эң негизги жыйынтыгы деп баалардын өсүшүн, инфляцияны көрсөтсө болот.

2005-жылдан бери жакшы оңоло албай келаткан Кыргызстан экономикасы инфляция тоскоолуна кабылып, ушу тапта И.Чудиновдун эски-жаңы өкмөтү калтыс абалдан кантип чыгуунун амалын издеп отурган кези. Адистердин айтуусунда, сыртка товар чыгаруудан чет жерден товар ташып келүүнүн көлөмү өтөле көп болуп, коррупцияга каршы күрөш сөз дайрасында калкыбастан, «көмүскө экономиканы» коңулдан чындап чыгаруу аракети жасалмайын кескин өнүгүү тууралуу кеп кылбай деле койгон оң.
XS
SM
MD
LG