Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

ГРУЗИЯ ШАЙЛОО АЛДЫНДА


Алдыдагы жекшемби күнү Грузияда президенттик шайлоо болот.Мамлекет башчылыгына алты киши атаандашууда. Жаңы жыл алдында жетинчи талапкер өз эрки менен жарыштан чыкты.

Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу бир күндүк тыныгуудан кийин Грузияда шайлоо алдындагы өнөктүк кайрадан кызыды. Талапкерлер алдыдагы үч күн ичинде шайлоочулар менен жүйүр жолугушууларды өткөрүшөт. Үгүт иштери жума күнү түн ортосунда токтотулат, жекшемби күнү добуш берүү башталат.

Михаил Саакашвилиден мамлекет башчысынын мандатын беш киши талашканы жатат. Ага оппозициянын кандидаты Леван Гачечиладзе негизги атаандаш болот деп айтылууда. Жаңы жыл алдында оппозициянын отуз миңдей тарапкери Тбилисинин борбордук аянтында азан-казан жыйын өткөрүп, азыркы бийликтин саясатын айыпташты. Жыйынга чыккандар “7-ноябрды унуткан жокпуз!” –деп жазылган плакаттарды кармап турушту жана оппозиция талапкеринин атын атап,ураан чакырышты. Былтыр ноябрда бийликтер массалык демонстрацияларды кууп таркатып, оппозициянын мыяткерлерине катуу ыдык көрсөткөн эле.

Мандат талашка байистүү оппозиция аталган “Жаңы оңчулдар” партиясы өз лидери Давид Гамкрелидзени, лейбористтер болсо саясий жетекчиси Шалва Нателашвилини чыгарышкан. Алардан тышкары атаандаштар арасында демилгелүү топтордон көрсөтүлгөн илимпоз-экономист Гия Маисашвили менен Ирина Саришвили да бар.

Белгилүү олигарх Бадри Патаркацишвили жаңы жыл алдында саясий жарыштан өз талапкерлигин алып салды. Бийликтер миллиардердин өзүн, ага кошуп анын шайлоо штабын жетектеген депутаттардын бирин өлкөдө мамлекеттик төңкөрүш уюштурууну пландап жатат деп айыпташкан эле. Президенттин милдетин аткарып жаткан Нино Буржанадзе мамлекет үчүн олуттуу коркунуч бар экенин, ал дале уланып жатканын айтып, өкмөт алдыдагы шайлоону үзгүлтүккө учуратканга эч кимге мүмкүндүк бербей турганына ишендирген. Патаркацишвили мунун баарын тукурук деп атаган. Оппозиция болсо олигархты жана Саакашвилини шайлоо жарышынан чыкканга чакырышкан.

Ушул жаңжалдын айынан “Имеди” телеканалы жыл жаңырар алдында кайрадан ишин токтотту. Редакциянын коллективи каналдын негиздөөчүсү Патаркацишвили менен бийлик ортосундагы тирештин барымтасында калды, ошондуктан журналисттер ушундай кадамга барганга аргасыз болушту, деп билдирди “Имединин” башкы редакторлорунун бири.

Жекшемби күнкү шайлоого чет элдик бир миңден ашуун байкоочулар көз салат. Алардын ичинде ОБСЕнин,Евросоюздун,Еврокеңештин,КМШнын,ошондой эле АКШнын жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү бар.

Кечээ талапкерлердин бири Ирина Саришвили оппозициялык күчтөрдү алдыдагы эки күн ичинде кеңешип көрүп,бир талапкерге токтолууга чакырды. Болбосо шайлоонун ар кандай жыйынтыгы жана андан кийинки окуялар үчүн жоопкерчиликти бийликтер менен бирге баш кошо албаган оппозиция көтөрүүгө тийиш, деп эскертти Саришвили.

XS
SM
MD
LG