Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Пакистандын шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоо 18-февралда өткөрүлөт деп чечти


Бул тууралуу бүгүн комиссиянын төрагасы Кази Мухаммад Фарук жарыялады. Добуш берүү мурда 8-январга белгиленген. Бирок оппозициядагы Элдик партиянын лидери Беназир Бхутто өткөн бейшембиде киши колдуу болгондон кийин күмөн саноолор пайда болду. Оппозициялык партиялар шайлоону мурда белгиленген мөөнөттө өткөрүүнү талап кылышууда. Бирок өкмөт кол салуудан кийин тутанган кагылышуулардан добушканалар жабыркаганын айтып, шайлоону 8-январда өткөрүү мүмкүн эмес деп ырастоодо. Президент Первез Мушарраф бүгүнкү телекайрылуусунда элди биримдикке, сабырдуулукка чакырат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG