Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:11

ЖАЛАЛАБАТТА ОТУН-СУУ КЫМБАТ


Отун-көмүрдүн кымбаттагандыгынан Жалалабат облусундагы жарандар аларды сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү болбоду. Ошондуктан электр жарыгына күч келүүдө. Облустук бийлик болсо, калк кышка карата жакшы даярдан деп эсептейт.

Кыштын мурдагы жылдардагыдан суук келиши облус тургундарын бушайманга салууда. Анткени, баалардын өсүүсү менен отун-көмүрдүн өздүк наркы да былтыркыдан кыйла кымбат болуп, маянасы күнүмдүк жашоого жетпеген жарандар аларды сатып алууга каруусу жетпей, аргасыздан электр жарыгына күч келтирүүдө. Кыш чилдесинде айрыкча көп бүлөөлүү жана айлыгы аз, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар менен кары-картандар, пенсиясы менен жөлөк пулу күнүмдүк жашоого жетпеген кишилер кыйналууда.

Жалалабат шаарынын тургуну Самидин Стамбековдун айтымында баалардын өсүүсүнөн бир машина отундун баасы 5 миң, ал эми көмүрдүн баасы 15 миң сомдон ашып, ага каражаты жетпегендер көмүрдү кабына 150-180 сомдон сатып алууга аргасыз болушууда:

- Жалалабатта күн ысык болуп турганда көмүрдүн кабы 150 сом, былтыр кыштын чилдесинде бир кап көмүр 120 сом болгон. Бир машина көмүр 5 тонна чыгат 15 миң сом. Бир машина отун 5 миң сом болуп атат.

Облустун тоолуу райондорунда жашагандар токой жана жапайы дарактарды кыркып келип жагышууда. Жашоонун айынан сейрек кездешүүчү жаңгак жана мисте дарактары да отун үчүн кыйылып кеткен учурлары аз эмес. Көмүр казылып алынган Ташкөмүр жана Көкжаңгак шаарларынан ыраак турган тоолуу аймактарга жеткирилген көмүрдүн баасы жол кирелери кошулуп кыйла акчага турат. Ошондуктан облус тургуну Узакбай Маматкуловдун пикирине ылайык электр жарыгын уурдап жагуу кыш чилдесинде ого бетер көбөйө баштады:

- Бүгүнкү күндө сууктун келиши катуу болду. Азыр көп үй-бүлөлөр сууктун мындай келишине даяр эмес болчу. Бир ишенгенибиз электр энергия. Бул дагы 62 тыйынга көтөрүлүп кетип, эл алапасын таппай аткан учур. Ар кандай жол менен электр жарыгын уурдап, эптеп бала-чаканы сактап атышат.

Анын пикирин Сузак районундагы тоо айылында жашаган Кылычбек Маматаев да ырастады. Элет жерлеринде жаңы жылдан тарта жаңы баалар кошулары күтүлүп жаткан табийгый газ болбогону менен баасы кымбат болсо да электр жарыгы менен жылынууга болот:

- Отун-көмүр менен эл камсыз болгон жок, көбү эле электр жарыгы менен тиричилик кылып атышат.

Бирок, облустук бийликтен алынган маалыматка караганда жергиликтүү калк зарыл отун-көмүр менен камсыз болду. Саламататтык сактоо жана элге билим берүү жайларына отун-көмүр жетиштүү өлчөмдө жеткирилип, жылуулук жабдуулары толук иштөөдө.

- Калк тарабынан 51400 тонна көмүр, жалпысынан алганда облус боюнча 60800 тонна көмүр-отун камдоо тапшырмасы болгон эле. Бүгүнкү күндө бул тапшырма толук аткарылып бүттү. Саламаттык сактоо тармагында кичине кыйынчылык болгон. Себеби бюджеттен акча каражат бөлүнгөндө 2 жарым миң сомдун тегерегинде каралган эле, бирок көмүрдүн баасы 4 миң сомго чейин кымбаттап кеткенинен болду. Бирок бул дагы чечилди, - деген маалыматын билдирди облбийликтин бөлүм башчысы Ажимамат Исаев.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG