Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:52

КАРАСУУ РАЙОНУНДА ТӨРТ ИРЕТ ЖЕР ТИТИРЕГЕН


Жаңы жылдын алгачкы күнүн жана түнүн Карасуу районунун 300дөн ашуун тургуну кыш ызгаарында чатырларда жана эшикте тосушту. Жабыр тартуучулар жергиликтүү бийлик басып келип кабар алганга жарабагандыгына нааразыланышса, облус жана республика чоңдору жер дагы титирей тургандыгын айтып чочутушту.

Өзгөчө кырдаал министрлигинин маалыматына караганда, жаңы жылдын алгачкы күнү жана 1-январдан экисине караган түнү да жер төрт ирет титиреген. Термелүүнүн эпицентри Ош шаарынан 25-30 чакырым алыс жайгашкан Карасуу районунун Лаңгар кыштагында да катталган. Силкинүү 5,5-6 баллды чапчыган.

Лаңгар айылынын башчысы Кубатбек Маликовдун айтымында, кыштактагы 310 кожолуктун 90 пайызынын үйү жашоого жараксыз. Бирок, кырсыкка кабылып олтургандардан район жетекчилери таптакыр кабар албай койгондугун, өзгөчө кырдаал министрлиги таңгамаал жөнөткөн 30 чакты чатырды пайдаланууга таптакыр мүмкүн эместигин «Азатыкка» маалымдады.

- Азыр келип текшерип кетишти. Көчүрөлү десек бардыгы мал-салы менен жашайт. Ошондуктан биринчи кезекте кышта бизге палатка менен келиши керек, бозүй болсо андан жакшы болмок. Биз өкмөттөн ушуга окшогон жардамдарды сурайбыз, - дейт Кубатбек Маликов.

Айыл башынын кебин Лаңгардагы Жумабай Култаев атындагы орто мектептин директору Райла Жээналиева да бышыктап, агартуу мекемеси былтыкы декабрдагы жана быйылкы январдагы кырсыктан катуу жабыр тарткандыгын баса белгилеп, каникулду узартпаса, же жылуу чатыр менен камсыз этилбесе, ата-энелер балдарын окутпай тургандыгын билдирди.

- Мен 500 окуучуну ушул жерге алып келип окутуудан корком. Ата-энелер да макул болбой атышат, биз балдарыбыздын өмүрүнө коркунуч келишинен кепилдик бере албайбыз, ошон үчүн мектепке жибербейбиз деп жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен келип текшерип кетишти, бирок азырынча так жыйынтык чыгара элек, - ушинтти Райла Жээналиева.

Лаңгар айылын 1-январь түнү кыдырып жүргөн маалында Ош облус губернатору Аалы Азимовду кепке тартканыбызда, чындап эле лаңгарлыктар көңүл сыртында калып кеткендигин моюндады. Ошол эле учурда алардын тагдыры Президент Курманбек Бакиевдин жеке көзөмөлүндө тургандыгын айтты.

- Эң негизгиси эл тынч. Бирок кураган үйлөр бар. Азыр өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, архитектуранын адситери үймө үй жүрүп баасын берип атат. Мунун баары тең биздин президентибиз Курманбек Бакиевдин түз көзөмөлүндө болуп атат. Ошол кишинин тапшырмасы менен биз кыдырып элдин ал-акыбалын сурап жүрүп атабыз.

Губернатор Аалы Карашев жабыр тарткан айылдарга тагылган облустун жанга райондун аткаминерлери түнөп иштээрин кошумчалады.

Ал эми атайы Ошко келип жер титирөөнүн эпицентринин бири Лаңгар кыштагын көрбөй кеткен өзгөчө кырдаал министри Камчыбек Ташиев түштүктөгү акыркы кырдаал боюнча буларды «Азаттыкка» маалымдап, жер дагы титирей тургандыгын эскертти.

- Эң башкысы адамдык жоготуулар жок. Бүгүнкү күндөгү маалымат боюнча 200гө жакын жеке үйлөр жана Ош шаарындагы 6 кабаттуу үй ураган. Бардыгы болуп 300гө жакын үй-бүлө үйсүз калып атат. Алдыдагы жер титирөөлөр чоң күчтө болобу, же аз күчтө болобу биз алдын ала айтууга мүмкүнчүлүгүбүз жок, - деди Камчыбек Ташиев.

XS
SM
MD
LG