Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:15

7:15 Ош шаарында 1 үй бузулуп, 6 көп кабаттуу үй жабыркаган


Шаардык мэриянын дарегине 1-январь күнү болгон жер титирөөдө турак-жайы жабыркагандыгы тууралуу 1000 чукул тургундан арыз келип түшкөн. Алардын ичинен 457си чукул кырдаалдар министрлигинин атайын түзүлгөн комиссиясы тарабынан текшерүүдөн өттү. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча зилзаладан 1 үй бузулуп, 26 турак-жай авариялык абалга кептелген. Шаарга караштуу Жапалак айыл өкмөтүндөгү бир орто мектеп жараксыз болуп калган. Үч көп кабаттуу үйдүн тургундары башка жакка көчүрүлгөн. Дагы үч көп кабаттуу, 56 жеке менчик үй капиталдык оңдоого муктаж, деп кабарлайт мэриянын маалымат кызматы. Ошол эле учурда 26-декабрдагы жана 1-январда болгон жер титирөөдөн жабыркаган айрым айылдардын тургундары алардын акыбалы иликтөөгө алынбагандыгын, комиссия келбегендигин “Азаттыкка” кабарлашууда. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG