Сейсмологиялык институттун маалыматы боюнча 1-январда саат түнкү 12:23тө Ош шаарынын жана Араван, Карасуу райондорунун аймагында биринчи жолу жер титиреп, 5,5 баллга жеткен. Анын очогу Ош шаарынан 115 чакырым аралыкта турган Өзбекстандын аймагында болду. Ал эми 1-январь күнү түшкү саат он эки жарымда болгон жер титирөөнүн очогу Ноокаттын Көкбел айылында болуп, күчү 6 баллга жеткен. Ош шаарында 5,5 балл, Кызылкыя, Алайда 4,5 балл, Жалалабат, Майлысай, Ташкөмүр, Карасуу шаарларында 3,5-4 балл болгон. Ошол эле күнү саат 16:45те болгон жер титирөөнүн күчү Папан айыл өкмөтүндө 4 балл, Ош шаарында 3 балл болгон. Бир жума мурун, 26-декабрда Ноокат, Карасуу районлдорунун, Ош шаарынын аймагында жер титиреп, очогу Көкбел айлында 6,5 баллга жеткен.
Сейсмология институту жер титирөө дагы кайталанышы ыктымалдыгын билдирүүдө. (ZKo)
Сейсмология институту жер титирөө дагы кайталанышы ыктымалдыгын билдирүүдө. (ZKo)