Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

АКШнын КИЙИНКИ ПРЕЗИДЕНТИ КИМ БОЛОТ?


Гүлайым Ашакеева, Прага 2008-жылы дүйнөнүн 18 өлкөсүндө президенттик шайлоолордун болушу күтүлүүдө. Алардын ичинен АКШдагы президенттикке ат салышуу окуясы дүйнө коомчулугунун өзгөчө назарында турушу ажеп эмес. Бул өнөктүк партиялардын ичинде талапкерлерди ылгоо үчүн добуш берүү жараяны менен башат алат. Жорж Буштун ордуна келүүнү самагандардын арасында мурдагы президент Билл Клинтондун жубайы, сенатор Хиллари Клинтон да бар.

Aмериканын саясий турмушунда шайлоо жараяны анын расмий башталаарына 2 жылга чукул убакыт калганда эле жанданат. 4 жылда бир болуучу президентикке шайлоо Айова штатында өтө турган эки негизги саясий партиянын ичиндеги талапкерлерди аныктоо үчүн добуш берүү менен башталат.

Ушул жерден дагы бир белгилей кетчү нерсе – АКШнын шайлоо системасы көп баскычтуу мүнөзгө ээ.

1-баскычта шайланган шайлоочулар кийинки баскычта өздөрү болочокку президентикке талапкер үчүн добуш беришет.

Шайлоонун 2-баскычынын жыйынтыгында тигил же бул партиянын шайлоочуларынын көп добушуна ээ болгон талапкер өз партиясынын атынан президенттик шайлоого аттанат.

АКШнын чордонундагы Айова штаты өлкөдөгү эки партиянын ички партиялык шайлоо баскычы, же англис тилинде айтканда “caucuses” өтө турган алгачкы штат.

Бул саясий өнөктүктүн негизги маңызы - Демократтык жана Республикачыл партиялардын мүчөлөрү өз жыйындарында ар партиянын өзүнүн өкүлдөрүн тигил же бул талапкерге добуш берүү макамын алуусу үчүн көрсөтүшөт. Бул жылы өз шайлоочусун аныктоого багытталган ички партиялык мындай добуш берүү бүгүн (3-январда) Айовада өтөт.


АКШнын кийинки мамлекет башчысы болуп ким шайланаар экен?

31-декабрда демократтардан презденттикке көрсөтүлүп жаткан талапкерлердин бири Хиллари Клинтон айым Айованын борбору Де-Мойн шаарында, дагы бир талапкер Барак Обама болсо - Перри шаарында өз тарапкерлери менен жолугушууларды өткөрүштү. Чогулган элдин алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө Нью-Йорк штатынын сенатору Хиллари Клинтон - бейшембинин түнүндө боло турган добуш берүү ийгиликтүү өтөөрүнө ишенээрин билдирип, демократтар бийликке келсе дүйнөдөгү климаттын өзгөрүүсү маселеси өлкөнүн артыкчылыктуу саясаты болоорун убада кылды.

Ал эми анын партиялаш атаандашы, Иллинойс штатынын сенатору, ата-теги Африкадан чыккан жана саясий аброю күндөн-күнгө өсүп бара жаткан талапкер Барак Обама мындай деди:

- Биз бул саясий өнөктүктө гана эмес шайлоодо дагы жеңишке ээ болобуз. Биз өлкөбүздү кайрадан куруп чыгабыз. Биз өз мамлекетибизди, дүйнөнү кайра куруп чыгабыз. Бул өзгөртүүлөрдү иш жүзүнө ашыруу биздин колубуздан келет. Эгер 3-январда силер мени менен болуп, колдоп берсеңиздер, биз дүйнөнү өзгөртөбүз.

Республикачылардын талапкерлери Митт Ромни менен Майк Хаккаби дагы 1-январда Айова штатында болушту. Айрым сурамжылоолорго караганда, Арканзас штатынын мурдагы губернатору Майк Хаккаби Айовада республикачылдардын ичинде көбүрөөк сөзгө алынууда жана 30 пайыздан ашуун добушка ээ болушу мүмкүн деп жоромолдонууда.

Майк Хаккаби болсо бараандуу саясатчы гана эмес, басс-гитарада чебер ойной алган музыкага шыктуу инсан. Эгерде ал президент болуп шайланса, анда анын АКШнын президенти катары ант берүү аземи эң жогорку деңээлде уюштурулуп, ага дүйнөнүн даңазалуу музыканттары чакырыларын убада кылды:

- Мен силерден мени өлкөнү башкаруу үчүн эмес сиздерге кызмат кылуу үчүн шайлоону суранам. Өлкөну башкаруучулар силер – американын калкы, ал эми мен президент катары силерге кызмат кылууну максат кылам жана бейшемби күнү мени колдооруңуздарга ишенем.

Башка бир сурамжылоонун көрсөткүчү боюнча республикалык партиянын ичинен президенттикке талапкер Аризона штатынын сенатору Жон Маккейн экинчи орунду ээлеши мүмкүн экендиги айтылууда.

Айрым алдын-ала сурамжылоолор көрсөткөндөй, 3-январда көз карандысыз шайлоочулардын колдоосу өтө маанилүү экендиги баса белгиленет. Бул күнү көз карандысыз шайлоочулардын 40 пайызы демократиялык партиянын жыйынына, 5 пайызы болсо республикачылдардын добуш берүүсүнө катышаары жоромолдонуп жатат.

Айовадагы добуш берүү ар бир партиянын өз жыйынында өткөрүлөт. Дегиңкиси, бул өнөктүк партиянын ички ишмердүүлүгүнө жаткан менен көз карандысыз шайлоочу болууну каалагандар үчүн мындай партиялык жыйындардын эшиги ар дайым ачык.

АКШнын президенттигине шайлоо өнөктүгүнүн эң соңку баскычы быйыл ноябр айында (жетинин айында) өтмөкчү. Өлкө конституциясы буга чейин эки ирет шайланган президент Жорж Уокер Бушка жаңы (үчүнчү) мөөнөткө мамлекет башчысы кызматына шайланууга уруксат бербейт.

XS
SM
MD
LG