Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

12:25 Район аралык соту укук коргоочулардын арызын январда карайт


Бул тууралуу билдирген “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулованын айтымында, Бишкек шаардык кеңешинин митингдерди чектеген токтому Баш мыйзамга каршы келет деп, ал 24-декабрда сотко доо арыз жолдогон. Ушундай өңүттөгү арыз менен “Көз карандысыз укук коргоочулар тобу”, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы, укук коргоочу Максим Кулешов район аралык сотко кайрылышкан. Укук коргоочулардын баамында шаар кеңештин митингдерди чектеген чечими Конституцияга каршы келип, демократиянын өнүгүүсүнө бөгөт болот. 30-ноябрда Бишкек шаар кеңеши митинг, пикеттерди М.Горькийдин эстелигинин жанында, эски аянтта, “Жаштык” паркында өткөрүүгө жана жергиликтүү бийликке 10 күн мурда кабарландыруучу кат жолдоого милдеттендирген чечим чыгарган. (AJ)

XS
SM
MD
LG