Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:28

КРИЗИСТИК ТОП: ДЕКАБРДА КЫРГЫЗСТАНДА КЫРДААЛ КУРЧУДУ


Эл аралык Кризис тобунун эсептөөсүндө 2007-жылдын акыркы айында Жер шарында жети өлкөдө кырдаал начарласа, алардын бири Кыргызстан болуп калды. Декабрдын этегинде Пакистанда Беназир Бхуттонун өлтүрүлүшү өлкөдөгү саясий кризисти ого бетер курчутуп, көчө кагылышууларында 50 чакты кишинин каны төгүлдү.

Кризистик топтун баамында, 2007-жылдын декабрь айында Борбор Азиядагы беш өлкөнүн ичинен бир гана Кыргызстанда парламенттик шайлоого байланыштуу кырдаал начарлады. Кыргызстандан тышкары Пакистанда, 27-декабрдагы президенттик шайлоодон кийин бир катар аймактарда тополоң чыккан Кенияда, Бириккен Улуттардын жана өкмөттүн имараттарындагы жан кечтинин жардыруусунан 11-декабрда 60ка чукул киши курман болгон Алжирде абал кыйын. Ошондой эле Лиганда жана Испаниянын Баск аймагында жаңжал коркунучу күч алды.

Аталган уюмдун жазышынча, Кыргызстанда президент Курманбек Бакиев катуу сынга кабылган 16-декабардагы парламенттик шайлоодо бийлигин дагы бекемдеп алды. Шайлоодон соң көп жерлерде нааразылык акциялары өтүп, оппозицияны куугунтуктоо күч алды. "Парламенттеги 90 орундун 71ин президент Бакиевди колдогон "Ак жол" партиясы алды, социал-демократтарга 11 орун тийди, ал эми Бакиевди колдогон коммунисттик партия 8 орунга ээ болду. Жалпы улуттук добуш берүүдө экинчи болуп келген оппозициячыл башкы партия болгон "Ата-мекен" 0,5 пайыздык тоскоолдуктан өтө албай калды. Ата-мекенчилер ачарчылык баштап, 40тан ашык киши кармалып, бошотулду" деп айтылат Кризистик топтун отчетунда. Документте бул Европадагы Коопсуздук жана кызматташттык уюму шайлоодо тең салмактуулуктун болбогонун, ашыкча күч колдонулушун сынга алганы, ал эми Кошмо Штаттары "добуш саноодогу көп сандаган эреже бузууларды" айыптаганы айтылат.

Борбор Азиянын калган төрт өлкөсүндө, анын ичинде президенттик шайлоо өткөн Өзбекстанда декабрь айында абал өзгөргөн жок.

Казакстанда тышкы иштер министри Марат Тажин экс-советтик жумурияттардын ичинен биринчи болуп, Казакстандын 2010-жылы ЭКК уюмун жетектеши өлкөдө кеңири реформаларга жол ачат деп айтты. Аймактык эксперттер буга анчейин ишене беришпейт.

Тажикстанда Өзбекстандын Исламдык кыймылына мүчө деп айыпталган үч киши 25-декабрда 10дон 17 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Түркмөнстанда 9-декабрда 2500 мүчөлүү мыйзам чыгаруу органы – Халк Маслахатына шайлоо өттү. Шайлоочулардын 98 пайызы добуш бергени кабарланды. 20-декабрда өлкө Орусия, Казакстанда менен жаңы ири Каспий газ жолу тууралуу келишимге кол койду. Бириккен улуттар уюму Ашхабадда 10-декабр күнү диалогду күч алдыруу жана жаңжал коркунучун азайтуу боюнча аймактык борборун ачты.

Өзбекстанда конституцияда бир кишиге үч жолу президент болууга чектөө коюлганына карабастан, Ислам Каримов 23-декабрдагы президенттик шайлоону жеңип чыкты. Добуш берүүгө шайлоочулардын 90.6 пайызы келип, алардын 88.1 пайызы Каримовду колдоп добуш берди. Шайлоонун алдында өлкө боюнча полиция көбөйтүлүп, интернет сайттар жабылды, эл аралык жаңылыктар агенттиктерине шайлоону чагылдырууга уруксат берилген жок. ЭККунун чектелүү миссиясы нагыз саясий атаандаштыктын жана сөз эркиндигинин болбогонун сынга алды. Укук коргоочулар Анжиян түрмөсүндө кыйноолордон ноябрдан бери үч айыпкер каза тапканын кабарлашты. Бухарада 13-декабрда шаар акимиятынын алдында өкмөттү сындаган акциясынан кийин акын жана диссидент Юсуф Жума дайынсыз жоголууда.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG