Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

ЗИЛЗАЛАДАН ЖАБЫРКАГАНДАР ЖАТАКАНАГА КӨЧҮҮДӨН БАШ ТАРТЫШУУДА


Алишер Токтонбаев, Ош Жер титирөөдөн жапа чеккен оштуктарды өздөрү каалабаган жактарга айдактоо күчөдү. Ош шаар мэри муну жарандардын коопсуздугу үчүн жасалып жаткан аракет катары эсептесе, жабырлануучулар «убактылуу алдап жатышат, кийин унутуп коюшат, ошол себептүү укугубузду коргоо максатында Президент Бакиевге чейин барып, пикетке чыгып, ачкачылык жарыялайбыз!» деген ниетте.

Өзгөчө кырдаал министрлигинин акыркы маалыматына караганда, Кыргызстандын түштүк башкалаасындагы көп кабаттуу алты үй жер титирөөдөн улам талкаланып, жашоого жараксыз деп табылган. Айрыкча Ленин көчөсүнүн 351-үйүндө жашаган 36 түтүн, тактап айтканда, 100 чакты киши катуу жабыр тарткандыктан, аларды токтоосуз коопсуз жайларга көчүрүү жагы караштырылып, азырынча окуу жайлардын жатаканаларына жайгаштыруу жагы чечилүүдө.

Бүгүн Ленин көчөсүнүн 351-үйүнүн тургундары менен Ош шаардык өзгөчө кырдаал башкармалыгынын жетекчиси, полковник Эркин Бейшеев, мэр Жумадыл Исаков жолугуп, алардан токтоосуз көчүүнү талап кылышканда, араң турган жабырлануучулар аткаминерлерди карай ызырынышты.

Ушул жердин тургуну Каныгүл Сулууева «Жеңилдетилген шартта үй же жер беришсе, мейли, бирок эптеп жатаканага көчүрүп, кутулабыз деп ойлошпосун» деген маанайда.

- Ушунча элди талаага таштабай бир жерден үйлөрдү берүү керек. Айтып эле, кыйкырып кете бербей, биз азыр мэр, министир келди деп сүйүнүп атабыз, ошолор элдин ал-акыбалын ойлоп, иш жүзүнө ашыруу керек, - дейт Каныгүл Сулууева.

Жабырлануучулардын мындай шартына Ош шаар мэри Жумадыл Исаков да көнүп, учурда кыргыз өкмөтү бул маселенин үстүндө баш оорутуп жаткандыгын жарыя кылды.

- Мындай үйлөрдүн саны көбөйүп атат. Өкмөттөн токтом чыгып ссуда берилгенден кийин, алар квартира, же үй алып көчүп чыгышат, - деди Жумадыл Исаков.

351-үйдүн дагы бир жашоочусу Салтанат Алымбекова алардын талабы аткарылмайынча үйлөрүнөн жылбастыгын, жергиликтүү мамлекеттик органдар жанды кашайтса, аргасыздан өлкө жетекчисине чейин барып, пикет, ачкачылык жарыялашаарын маалымдады.

- Бизге жатаканадан орун берип атат. Ал жакка барсак ошону менен биз калып калышыбыз да мүмкүн. Бизге Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үй салышып берсе жакшы болмок. Эгерде бизди алдап койсо пикетке чыгышка туура келет, Бакиевге барабыз, ачкачылык жарыялайбыз, - ушинтти Салтанат Алымбекова.

Ош шаардык өзгөчө кырдаал башкармалыгынын жетекчиси, полковник Эркин Бейшеев жабырлануучулардын коопсуздугу үчүн керт башы менен жооп беришээрин, ошондуктан, аларды күч колдонуп болсо дагы милиция менен эски үйлөрүнөн коопсуз жайларга айдап чыгышаарын жашырбады.

- Шаар боюнча 3 үй аварийный деп табылды. Ошого байланыштуу бул үйлөрдө жашоого болбойт. Ошондуктан бул үй-бүлөлөрдү мажбурлап болсо да көчүрүүгө тийиштүүбүз, - деди Эркин Бейшеев.

XS
SM
MD
LG