Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:06

Кыргызстандын HIPC программасына кирүү-кирбөө маселеси 2006-жылы саясатчы менен бейөкмөтчүлөрдүн сүйүктүү темасына айланган. Кийинки жылдын башында бийлик башчылары Кыргызстан программага кирбей тургандыгын жарыя кылышкан. Ал арада карызды жабыла чогуу төлөп ийүү тууралуу патриоттук демилгелер чыгып, бирок да атайын ачылган эсепке акча аз түшүп, азырынча бош турат. Эмдиги жылдан тарта Кыргызстан бюджетинен 4 миллиард ашуун сом жалаң тышкы карыздарды төлөөгө жумшамакчы. Ички карыз маселеси да чечиле элек.

Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиарддан ашуун долларды түзөрү элдин баарына дайын. 2005-жылдан бери өкмөт сырттан күргүштөтүп карыз акча албай калганын, келип аткан каражаттардын дээрлик баары жарым-жартылай грант же бүтүндөй грант экенин айта берип тажагандай деле болду окшойт. Карыз акчаны кайтарууга өткөн жылы 2 миллиард ашуун сом бөлүндү. Бул акча эмдиги жылдан тарта эки эсеге арбып, өлкө бюджетинин кыйласын эңшерип түшөрү турулуу иш.

Өткөн жылкы дурус дегидей экономикалык көрсөткүчтөрдү инфляция басып, капыс түзүлгөн экономикалык кысталыш жагдайдан кантип чыгуу тууралуу өкмөттүн айкын-ачык программасы жок болуп чыкты. Ошондон тышкы карызды кайтаруу маселеси быйыл деле кыйла курч проблемага айланганы туру. Анын үстүнө Кыргызстандын 2 миллиард 96 миллион доллар тышкы карызынан тышкары 3 миллиард ашуун сом ички карыздары да турат. Иши кылып, тышкы-ички карыздарды төлөө бюджетке оорчулугун олчойто салчу оор жүк болмокчу. Мындай шартта, “Экобанктын” директорлор кеңешинин төрагасы Улан Сарбановдун ырасташынча, өлкө экономикасын алдыга жылдырчу бирдиктүү команданын түзүлүшү керек, дагы бир шарт, ага элдин ишеними болушу зарыл:

- Эгер адамдар экономикалык команданын ишти жөндөп кетерине ишенбесе натыйжа чыгышы кыйын. Эртеңки күнү өлкө жетиштүү өндүрүштү камсыз кылып, карызды кыйналып-кысталбай төлөй алчу болсо аны кеп кылып деле кереги жок,- дейт Улан Сарбанов.

Мурдагы өкмөт башчысы, “Арнамыс” партиясынын жетекчиси Феликс Куловдун пикиринде, Кыргызстан социализм заманында деле Москвадан ушу азыр чет өлкөлөрдөн алып жаткан карызына теңдеш колдоону алып турган:

- Советтер Союзу кезинде тыштан келген көмөк, Москванын жардамы азыр биз эларалык каржы институттарынан алып жаткан каражатка тең болчу. Принцибинде эч нерсе өзгөрүлгөн жок. Биз бутубузга туруп алдык. Бул кемчиликпи же күнөөбү – аны тарыхчыларга таштайлы. Мен ага тереңдебей эле коеюн. Карыз үчүн калктын эч кандай күнөөсү жок, айыптын баары башкаруучуларда.

Тыштан келген карыздар эки тараптуу жеңилдиктер менен же андайы жок, ошондой эле көп тараптуу жеңилдиктери менен жеңилдиктери жок шартта берилгендери бар. Алардын теңинен көбүн көп тараптуу жеңилдиктери менен алынган карыздар түзөт. Анын жалпы суммасы 1,5 миллиардга жакын доллар. Сырттан келген карыз акчалардын көпчүлүгү сомдун наркын түшүрбөй сактап калуу, бюджеттин таңкыстыгын жабуу үчүн алынып келген:

- Каржы ресурстары биздин мамлекеттик бюджеттин жетишпестигинин ордун толтуруш үчүн алынган. Ал 50% гpант менен кыйла жеңил шарттарда берилүүдө,- дейт Кыргызстандын мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров.

Парламенттин мурдагы депутаты Темир Сариевдин айтуусунда, жеңил келген акчалардын кайрымжысы анча деле болгон жок:

- Анткени арзан акчанын заманы болуп жaтат да. Арзан, жеңил табылган акчалар жеңил колдонулат.

Быйыл деле өткөн жылдагыдай эле Кыргызстан бюджетинен 52 миллион доллар акчаны тышкы карыздарды төлөөгө бөлмөкчү. Өлкө HIPC программасына киргенде бул акча социалдык проблемалардын тыгынчыгына жумшалмак. Башта социалисттик “жалпы казандан” жардам алууга көнгөн Кыргызстан экономикалык өз алдынчалыкка жетише алабы – кеп ушунда.
XS
SM
MD
LG