Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:06

2008-ЖЫЛ КЫРГЫЗ СПОРТУНА ЧОҢ СЫНОО БОЛОТ


Кабыл Макеш, Бишкек Чынында эле 2008-жыл кыргыз спорту үчүн чоң сыноо болгону турат. Быйыл жайында футболдон Европа чемпионаты жана Бээжинде жайкы олимпиадалык оюндар болмокчу.Эгемендүү болгону 3 олимипадага Кыргызстан команда катары катышканы менен бир коло медалдан башка байгелүү орунга жетелек. 2008-жылы Бээжинде боло турган олимпиадага кыргызстандык спортчулар учурда 8 жолдомо гана алышты.

Былтыр жалпы күйөрмандарды сүйүнткөн - футбол боюнча Кыргызстандын төрт жолку чемпиону «Дордой-Динамо» Пакистанда АФКнын «Президенттик кубогун» экинчи ирет жеңип, колдон чыгарбай келгени болгон. Ушул “Дордой” футбол клубунун жетекчилеринин бири Рысбек Мааткабылов маалымдагандай командасы 18- январда Санкт-Петербургда өтүүчү Шериктештер Кубогуна барып, Кыргызстандын намысын коргойт. Бул ирет “С” тобундагы “дордойчулардын” атаандаштары Грузия, Сербия жана Латвиянын чемпиондору болмокчу.

Быйыл дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган Кытайдын ордо калаасы Бээжинде жайкы олимпиадалык оюндарга жолдомо алуучу Гран-при мелдештери, Азия, дүйнө чемпионаттарына кыргызстандыктар катышууга дилгир.

Былтыр май айында Кыргызстандын тарыхында алгач ирет Бишкекте өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар грек-рим күрөшүнөн 2 алтын, 3 коло байгелүү болуп жана эркин күрөшүнөн да 2 алтын медаль утуп, командалык экинчи орунду ээлеген. Быйыл мартта Түштүк Кореяда өтчү Азия чемпионатында баш байге ээси болуп, алтын медаль уткан балбандарга гана Бээжин олмипиадасына жолдомо ыйгарылат.

Ошондуктан былтыр Бакуда болгон дүйнө чемпионатында олимпиадага жолдомо албай калган Азия чемпиондору Канат Бегалиев менен Данияр Көбөнов жана Азия чемпионатында үчүнчү орунду ээлеген балбандар Жанарбек Кенжеев, Руслан Түмөнбаев жана Нурбек Ибраимов баш болгон жигиттер Бээжинге жолдомо алууга азыртан даярдык көрүүдө.

Жыл жаңыргандагы максаттары тууралуу Азиянын эки чемпиону, Азия оюндарынын күмүш байге ээси Данияр Көбөнов мындай деди.

Былтыр эркин күрөш боюнча Бишкекте Азия чемпиону аталып, Бакуда өткөн дүйнө чемпионатында коло байгелүү болгон Базар Базаргуриев Бээжин олимпиадасына жолу ачылып, жолдомосу колуда.

Ошондой эле Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын медаль тагынган Азия оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Алексей Крупняков да былтыр Бакудагы дүйнө чемпионатында Бээжин олимпиадасыга жолдомо утуп алып, учурда даярданууда.

Былтыр кыргызстандык суучулдар ийгилик жарата алышты. Өлкөнүн тарыхында бишкектик Юрий Захаров Азия чемпиону аталса, Василий Данилов Макаодо имарат ичиндеги 2-Азия оюндарында күмүш жана коло байге утуп келген. Экөө тең Бээжин олимпиадасына жолдомо алышып, даярдык көрүп жатышат.

Кыргызстан чоң ийгиликтерге жетпей калуунун себептерин жана Бээжин олимпиадасына учурда 8 жолдомо алганын улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов спортчулардын даярдыгы чийки болгону менен түшүндүрдү. Анын пикиринде спортко болгон мамилени өзгөртүп, дүйнөлүк ыргактан калышпай жаңы тажрыйбаларды колдонуу зарыл.

14-Азия оюндарында чемпион, Азиянын көп жолку чемпиону Татьяна Ефименко былтыр да Азия чемпиону аталуу менен Бээжин олимпиадасына жолдомо алды.
Ошондой эле мерген Руслан Исмаилов да Бээжин олимпиадасына баруу укугуна ээ болду.

Өткөн жылдын декабрында таэквондо боюнча Вьетнамда өткөн Гран-при мелдешинде күмүш байгелүү болгон Расул Абдураим да Кытайдын борборунда боло турган олимпиадалык таймашууда өлкө намысын коргойт.

Төрт ирет удаасы менен Азия оюндарында мөрөй алган велоспортчу Евгений Ваккер өткөн жылы да Азия чемпионатында алтын байгелүү болуп, дүйнө биринчилигинде коло медаль тагынуу менен Бээжин олимпиадасына жолу ачылды.

Өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти, улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов Бээжин олимпиадасына мурдакыдай чиновниктер жана ишкерлер турист катары гана барууга шарты болоорун, олимпиадалык делегацияга спортчулар, машыктыруучулар гана кирээрин айтуу менен өз пикирин билдирди:

-Бээжин олимпиадасына жолдомо алган велоспортчу Евгений Ваккер Кыргызстанда эмес, Германияда жашап, германиялык клубда машыгат. Ваккерге рахмат! Бирок ал Кыргызстандын намысын биринчи кезекте өзүнүн туулуп өскөн өлкөсүнө болгон патриоттуулугунан эмес, эларалык чоң-чоң мелдештерге, дүйнөлүк чемпионат менен Олимпиадалык оюндарга катышыш үчүн коргоп жүрөбү деген да ой келет. Себеби, Германия курама командасына ал мүчө боло албайт, анткени ал жакта андан күчтүү спортсмендер жүздөп саналат. Азия чемпиону Татьяна Ефименко да жыл сайын эле спорткомитети жакшы көңүл бөлбөй жатканын айтып келет. Айласы кеткенде быйылкы жылы дээрлик толугу менен чет өлкөлөрдө машыгып, ошол жакта мелдештерге катышып, акыркы айларда Кувейтте, Катарда машыгып жүрдү (эми тренери И.Паклин да Кувейт менен контрагын улантыптыр). Ошондой эле Базар Базаргуриев менен Алексей Крупняков да орусиялык спортчулар, өз өлкөсүндө курама командага илинбей биз үчүн күрөшүп жүрөт. Демек, ал жеңиштерде биздин спорткомитеттин, өкмөттүн салымы канчалык? Айтуу кыйын. Эми бул эмнени билдирет?.. Бул биздин Кыргызстанда жакшылап машыгууга, шарт начар экендигин билдирет.

Өлкөнүн спорт адистеринин айтымында 2008- жылы кыргыз спортчулары күйөрмандарынын үмүтү актоого аракет кылуусу зарыл. Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директору Касымкул Оболбековдун айтымында жаңырган 2008- жыл кыргыз спортчулары үчүн өтө жооптуу. Себеби быйыл жайында Бээжин олимпиадасынын таймашууларында кыргыз спортчулары күйөрмандарынын үмүтү актоого аракет кылуусу зарыл.

-Биринчи кезекте өз жерибизде спортчуларга шарт түзүп бериш керек. Ал эми күрөштөгү калган медалдар кыргыздын менталитетине (күрөшкө жакындыгы) байланыштуу деп ойлойм. Эгерде балбандарыбызга жакшылап көңүл бурулса мүмкүн алтын медалга деле ээ болмокпуз.

2007-жылдын аягында дене тарбия жана спортту координациялоо боюнча улуттук кеңеш тузүлүп, төрагалык тизгинди президент Курманбек Бакиев өзү колго алып, Бээжин олимпиадасына даярдык көрүүнү көзөмөлгө алмак болду.

Кыргыз спортунун чыныгы жүзүн, чама- чаркын быйыл Бээжинде боло турган жайкы олимпиадалык оюндар таразалап койгону турат. Мындан сырткары өлкөдө эл аралык Ысыккөл оюндары, улуттук спорт түрлөрү боюнча “ Улуу Манас оюндары” жана башка ондогон мелдештер болмокчу.
XS
SM
MD
LG