Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

МУНАЙ БААСЫ ЖАҢЫ ЖЫЛДА ЖҮЗ ДОЛЛАРДАН БАШТАЛДЫ


Мунай баасы жаңы жылда жүз доллардан башталды. Башкача айтканда жаңы жылдын дүйнөлүк биржаларда соода ачылган алгачкы күнү – 2-январда кара майдын бир баррели мына ушул чекти багындырды. Ал эми кечээ күнкү соода учурунда Нью-Йорктогу биржада баа 100 доллардан да ашып кетти. Бул - акыркы чейрек кылымдан ашуун мезгил ичиндеги жаңы рекорддук көрсөткүч.

Мындан туура бир жыл илгери, 2007-жылдын 3-январында кара майдын бир баррели эл аралык базарда 58,32 доллар болчу. Адистер 100 долларды бир баррель мунай баасы үчүн психологиялык чек деп баалашкан эле. Нью-Йорктогу биржада соңку эки күндө келерки ай үчүн өткөрүлгөн соода кара майдын наркы ошол психологиялык чекке чыгып, андан да ашып кетти. Ошентип, өткөн бир жылдын аралыгында мунай 50%дан ашуунга кымбаттады. Ал эми мынан ары кандай болору боюнча аналитиктердин пикирлери ар башка чыгууда.

Эмнеси болсо да кара майдын наркы акыркы чейрек кылымдан ашуун мезгил ичиндеги тарыхый чекти багындырууда. Энергетика боюнча эл аралык агенттиктин эсептөөсүнө караганда, ошол мезгилден берки инфляцияны эске алганда бир баррель мунай 1980 –жылдын апрелинде 101,70 долларга бааланган. Бул Ирандагы ислам революциясынан кийинки алгачкы жыл жана Иран – Ирак согушу башталган мезгил эле. Ал эми кайра майга баа көтөрүлүшүнө түрткү берген жагдайлар катары мурдагыдай эле, бир эмес, бир нече себептер аталууда.

Алардын бири – америкалык доллардын нарксыздануусу. Айрым адистердин пикиринде, инвесторлор доллар менен сакталган акчаларын ал арзандаганынан улам башка активдерге, анын ичинде мунайга которо баштаган. Мындан сырткары дагы бир себеп катары – мунайга карата глобалдык керектөөнүн көбөйгөндүгү. Маселен, мунай экспортоочулардын ОПЕК уюмунун эсептөөсүнө караганда, дүйнөдө 2005 – жылы транспорт үчүн эле күнүнө 38,6 миллион баррель кара май сарпталса, 2010-жылга карата бул көрсөткүч 42,5, ал эми 2030-жылга карата 56,4 миллион баррелге чыгат. Мунай керектөө жагынан азыр дүйнөдө көч башында АКШ, андан кийинки орунда Кытай турат.

Дүйнөнүн мунай экспортунун үчтөн бир бөлүгү ОПЕК уюмуна кирген өлкөлөрдүн үлүшүнө туура келет. Өткөн жылдын декабрындагы жыйынында бул уюмдун өкүлдөрү базарда чийки мунай жетиштүү деп эсептегендиктен, өндүрүш көлөмүн көбөйтүүнүн зарылдыгы жок деп тапкан. ОПЕКтин кийинки жыйыны 1-февралда болгон жатат. Мунай баасынын соңку көтөрүлүүсүнө ОПЕК уюмуна мүчө Нигерия менен Алжирде орун алган кыянатчылыктардын таасири бар экени айтылууда. Ири мунай экспортоочулардын бири катары эсептелген Нигериянын мунай өндүрүшү согушкерлердин кол салуусунан 2006-жылдан бери эле жабыр тартып келет.

Адатта дүйнөлүк базардагы тенденция Борбор Азияда бир аз кечирээк сезилет. Кыргызстандын мунай сатуучулар ассоцияциасынын президенти Базарбай Мамбетовдун айтымында, өлкөдөгү баа Орусия менен Казакстанга байланыштуу. Соңку ирээт декбардын орто ченинде коюлган азыркы баалар январь-феврал айлары сакталат деген ишеним бар, ал эми андан ары жагдайга жараша болот:

-Эгерде дүйнөдөгү коньюктура өйдө көздөй өзгөрсө, албетте, бизге да таасири тиейт. Бирок биздин аналтиктердин айтканына караганда, баа алдыдагы үч айдын ичинде турукташат деген ишеним бар. Эмне дегенде дүйнөдөгү мунай экспортоочулар: ОПЕК жана башкалары азыр мунай бааасынын мындан ары кымбаттоосу экономиканын өсүү ыргагына зыян тийгизет деген жыйынтыкка келишүүдө.

Айрым адистердин пикиринде, мунайдын кымбатоосу дүйнөлүк экономиканын өсүү ыргагына буга чейин чектелген өлчөмдө таасирин тийгизип келди. Эми дүйнөлүк экономика 100 доллардык бааны көтөрө албайт деп кооптонгондор да жок эмес. Британиянын кадыр –барктуу "Financial Times" бысылмасы маселен 1-январдагы санында "Глобалдык экономикалык төмөндөөгө даярдык" деген аталыштагы макаласын жарыялады. Анда мунун бир катар себептери келтирилген. Мунай менен кошо жаңы жылдан тарта дүйнөлүк базарда алтындын да кымбатоосу уланды. 3-январь күнү Лондондогу биржада алтындын бир уницийи 861 доллардан ашты. Бул - алтын баасынын жаңы рекорддук көрсөткүчү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG