Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:38

КООМДУК ЖАЙЛАРДА ТАМЕКИГЕ ТЫЮУ САЛГАН ӨЛКӨЛӨР САНЫ ӨСҮҮДӨ


Жаңы жылдан тарта коомдук тамактануу жайларында тамеки чегүүгө тыюу салгандардын катары жаңы өлкөлөр менен толукталды. Мындан бир нече жыл мурун Кошмо Штаттардан башталып, эски континентте көпкө чейин күлкүгө кабылган тенденция эми анын өзүндө жайылууда.

Ошентип, Жаңы жылдын келиши менен Португалияда, Францияда жана Германиянын 16 облусунун сегизинде коомдук жайларда, анын ичинде
кафе–ресторандарда, барларда тамекинин түтүнүн булатууга тыюу салынды. Буга чейин мына ушундай эле чаралар Ирландияда, Италияда, Британияда, Испания, Бельгия, Литва, Норвегияда киргизилген эле.

Коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салган мыйзамды ушул аптада Түркиянын парламенти да кароодо. Буга окошогон аракет ириде тамекини тарткан, тартпаганы менен алардын айланасында жүргөн адамдардын ден –соолугуна тийүүчү кесепеттерин алдын алуу үчүн жасалууда.

Маселен, Францияда тамеки чегүү өтө модалуу жөрөлгө эле. Чылым эркиндиктин жана жекечиликтин белгиси катары каралчы. Иш жүзүндө француз кафелери тамеки дүкөндөрү катары эсептелчи. Калктын 20%ы тамеки тарткан Францияда эми бул доор тарыхка кетип жаткандай. Чылым чегүүнү кааласаңыз, сыртка чыгууга туура келет.

Алгачкы белгилерге караганда жаңы эреже иштей баштагандай. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Розелин Башело 1-январдын эртеси Парижде тамеки чегилбөөчү кафелердин бирине алгачкылардан болуп баш багып, муну "жашоонун жаңы образы" деп атады. "Итернэшнл Херальд Трибьюн" гезитинин жазганына караганда, эрежени бузган франциялыктарга 68 евродон 450 еврого чейин айып салынат. Ал эми менчик ээлери 135тен 750 еврого чейин айыпка жыгылышы ыктымал. Бул ишке көзөмөлдү полиция эмес, саламаттыктты сактоо боюнча коомдук инспекторлор жүргүзөт. Эркиндикти сүйгөн Францияда коомдук жайда чылым чегүүгө тыюу салынышын айрымдар, албетте, сын көз караш менен да кабыл алышты.

Айтор, коомдук жайларда чылымга тыюу салуу боюнча бүткүл Европага тарап бара жаткан азыркы тенденцияны мындан бир нече жыл мурда эле элестетүү мүмкүн эмес болчу. Саясаттын радикалдуу түрдө өзгөрүшүнө бир нече факторлор түрткү берүүдө. Алардын бири эски континентте чылым чеккендердин сандык көрсөткүчү төмөндөөдө. Көчөдөн тамеки тарткандар көп көрүнгөндөй болгону менен алар калктын бысымдуу бөлүгүн түзбөйт.
Бул тамекинин ден-соолука зыяндуулугу боюнча утур-утур эскертүүлөрдөн тамеки продукцияларына карата салыктын көбөйгөндүгүнөн улам болуп жатат.

Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, европалыктардын 80%га жакыны коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салынышын колдойт экен. Статистика бул өз кезегинде чылымдан баш тарткандарын саны өсүүсүнө шарт түзгөнүн да көргөзүүдө. Маселен, Италиянын ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматына караганда, коомдук жайда тамекиге тыюу салынгандан 10 айдын аралыгында, чылым менен жарым миллион адам коштошкон.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG