Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:15

Жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө Түркияга сапарга келген Сириянын премьер- министиринин орунбасары Абдуллах Дардари эки өлкөнүн өз-ара экономикалык байланыштарын талкууга алды. Сириялык саясатчынын Анкарада болгон сүйлөшүүлөрүндө баштапкы артыкчылыкты суу маселесине багыштоосу бул аймакта суунун канчалык зор стратегиялык мааниге ээ экенин дагы бир жолу айгинелеп олтурат.

‘Эл башы болгондон көрө суу башы бол’ деген накыл сөз тастыктап олтургандай, Жакынкы чыгыш аймагын таза суу менен тейлеген Эфрат жана Тигрис даряларынын башат өлкөсү катары Түркия өзүн чоң экономикалык жана стратегиялык рычагдын ээси катары эсептеп келгени жашыруун эмес. Дүйнөдөгү эң узун убакка созулган Жакынкы Чыгыш конфликтисинин түпкүрүндө ансыз деле абдан тартыш болгон суу ресурстарына ээлик кылууга болгон аймак өлкөлөрүнүн менменчил, ошол эле кезде түшүнүүгө боло турган умтулуулары жатаарын эсепке алганда, Анкаранын бул туруму анча деле бекер эмес экени байкалууда.

Эфрат жана Тигрис даряларынын үстүндө кыскача ГАП аталган ‘Түштүк Чыгыш Анатолия Долбоорунун’ чегинде ири ГЭС комплексин куруп жаткан Түркия менен анын кошуналары Сирия жана Ирактын ортосунда чегараларды кесип өткөн дарыялардын суусун түгөл пайдалануу маселеси, Борбор Азия жумуруяттарында болгон өңдүү дээрлик саясий жана экономикалык мүнөздөргө ээ. Бир учурда ПКК жикчил тобу жана анын учурда абакта олтурган башчысы Абдуллах Өжаланга башпаанек болуп берген Сирияга каршы анда-санда стратегиялык суу куралынан пайдаланган Түркиянын экс-президенттеринен ыраматылуу Тургут Өзал Түштүк Чыгыш Анатолия долбоорун’ сынга алган араб өлкөлөрүнө жооп иретинде, “биз силердин чөлүңөрдөн чыккан мунайды тегинге алып жатабызбы, ошондуктан биздин тоолорубуздан башат алган сууну кандай пайдаланарыбыз биздин өз эркибиз” деп кейиген менен, кийин Жакынкы чыгыш тынчтык суу долбоору аталган жана өлкөнүн суусун Израилди да кошуп алганда Сауд Арабияга чейинки бир катар аймак өлкөлөрүнө жеткирүүнү көздөгөн планын сунуш кылды. Бирок, Израилди да камтыганы себептүү бул план араб өлкөлөрүнө жакпады.

90- жылдардын орто ченинде Сириядагы ПККнын баазалары жабылып, анын башчысы өлкөдөн чыгарылып жиберилгенден кийин бул өлкөнүн Түркия менен мамилелери гүлдөп өсө баштады. Түркия бул кошунасы менен өз ара келишимдин чеги ичинде Эфрат дарыясынан Сирияга 500 кубик метр/секунд суу берип келет. Сириянын вице-премьери Абдуллах Дардари мурдакүнү Анкарада делегациялар-аралык сүйлөшүүлөрдө, Сирияга Эфраттан берилип келаткан суунун көлөмү аздык кылаарын билдирүү менен, дарыядан көбүрөөк суу берилүүсүн талап кылды. Түркиянын Экология жана токой өнөр-жай министири Вейсел Эроглу жаан мол түшкөн учурларда жакшы санаалаштыктын чегинде Сирияга кошумча суу берилүүсү мүмкүн экенин билдирүү менен чектелди..

Айрым серепчилер келечекте согуштар суу талаштан чыгарын билдиришет. БУУунун маалыматтарына ылайык, жер шарындагы 188 өлкөнүн 50сүндө таза сууга таңсыктык өкүм сүрүүдө жана жагдай ушул калыбында улана берсе 2015- жылга жетпей дүйндөдө ири кургактык толкуну башталуусу ыктымал. Дүйнөдө жашаган элдин санынын улам өсүшүнө үзөңгүлөш таза ичимдик суу булактарынын бөксөрүшү ошондой эле, адам баласына ичимдик суу жеткирүүнүн баасынын улам кымбатташы себептүү, суу барган сайын экономикалык-стратегиялык товар касиетин ала баштады. Серепчилердин пикиринде бул факты өз учурунда, планетада жаңыча конфликттердин жана согуштардын потенциалын пайда кылууда.
XS
SM
MD
LG