Польша апрель же май айларында Ооганстанга кошумча 400 жоокерин жөнөтүүгө даяр
Польша апрель же май айларында Ооганстанга кошумча 400 жоокерин жөнөтүүгө даяр
Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Богдан Клич билдирди. Анын айтымында, Польша бул багытта НАТО менен сүйлөшүүлөрдү баштады. Ушул тапта Ооганстанда Польшанын болжол менен бир миң эки жүзгө жакын жоокери кызмат өтөйт.