Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

8:25 Ажылык сапарга автоунаа менен кеткен кыргызстандыктардын айрымдары Мекеге жеткен эмес


Алардын визасы тийиштүү талаптарга жооп бербей калган. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандагы ислам эл аралык кызматташтыгы борборунун жетекчиси Садыкжан-ажы Камалов “Азаттыктын” кабарчысына билдирген. Бул маалыматты Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик да тастыктап, зыяратчылар түшкөн 3 автобус Мекеге жетпей, Саударабстандын чегарасынан кайткандыгын билдирди. Аталган агенттик бул автоунаалардагы жарандар визаны Кыргызстандан эмес, чет мамлекеттерден ачтырганын маалымдоодо.
Кыргыз өкмөтүнүн ажылык сапарга учак менен гана алып баруу тууралуу атайын токтому бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG