Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Коштуница: Евробиримдик Сербия менен Косовонун бирин тандоого тийиш


Евробиримдик же Сербия менен мамилени жакшыртуу, же Косовонун көз карандысыздыгын колдоонун экөөнүн бирөөсүн тандаш керек. Бул тууралуу серб премьер-министри Воислав Коштуница билдирди. Анын айтымында, бул эки маселени бирдей алып кетүүгө болбойт. “Андыктан, эгерде Евробиримдик расмий Белграддын макулдугун албай туруп, Косового өзүнүн миссиясын жөнөтсө, бул кадам эки тараптуу байланыштарга кедергесин тийгизет”,-деп кошумчалады Коштуница. Жакынкы айларда Косово Сербиядан көз карандысыздыгын бир тараптуу жарыялары күтүлүүдө. Өткөн айда Белград менен Приштина ортосундагы сүйлөшүүлөр учурунда тараптар аймактын көз карандысыздыгы боюнча мунасага келе албай койгон.

XS
SM
MD
LG