Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:57

3-январда грузиялык миллиардер Бадри Патаркацашвили талапкерлигин алып салуу чечимин өзгөртүп, президенттик шайлоого катышаарын билдирди. Эрте шайлоо жөнүндө өкмөт баш калаа Тбилисиде демонстранттарга каршы күч колдонгондон кийин жарыяланган. Шайлоо кампаниясы маалында бийлик Патаркацашвилини мамлекеттик төнкөрүш уюштурууну көздөөдө деп айыптаса, ишкер бийликтегилер аны өлтүрүүнү пландашкан деп ырастап келди.

Бейшембиде жасаган билдирүүсүндө Патаркацашвили талапкерлигин президенттик жарыштан алып салуу чечиминен баш тартканын, президенттик орун үчүн күрөштү улантууга ниеттенип жатканын жарыялады.

Бул жаңылыкты комментариялап жатып, мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Нино Буржанадзе “ал эмнеге ишенээрин билбейм, бизде калктын маанайы тууралуу маалымат бар”,-деп билдирди. Буржанадзе ошондой эле шайлоодон пайдаланып, өлкөдө тополоң жаратуу аракеттердин ыктымалдыгын жокко чыгарган жок.

Биргелешкен оппозициянын өкүлү болсо “өзүбүздүн талапкерибиз бар жана биз жеңишке даярдануудабыз. Калгандары болсо, талапкерлигин алып салышабы, же калышабы, алардын өз иши. Биздин ага тиешебиз жок”,-деген реакциясын билдирди.

Ал эми лейбористтер партиясынын кандидаты Шалва Нателашвили Патаркацашвилинин чечимини кубаттады:

-Саакашвилинин канчалык көп атаандашы болсо ал антидемократиялык командасы менен бирге ошончолук көп добуш жоготот.

Байкоочулар алгачкы жолу шайлоону ким жеңээри мурдагыдай алдын ала айтуу кыйын экенин ырасташууда. 5-январь күнкү ат салышка 7 талапкер катышканы жатат. Грузиянын борбордук шайлоо комиссиясы билдиргенине караганда өлкөдө 3,4 миллионго жакын шайлоочу бар. Биринчи айлампада жеңүү үчүн талапкер жок дегенде добуштардын 50 пайызын жана 1 добуш алууга тийиш. экинчи айлампа 2 жумадан кийин өткөрүлөт, анда эң көп добуш алган 2 талапкер ат салышат.

5-январда шайлоо менен бирге өлкө НАТОго кошулушу керекпи деген маселе боюнча референдум өткөрүлмөкчү.

Добуш берүүгө 1 миңдей байкоочу көз салмакчы, алардын 400ү Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун өкүлдөрү.

Шайлоо күнү жергиликтүү 4 телеканалдын заказы менен бир нече бейкөмөт уюмдар эгзит пол, же добуш берүүдөн кийинки сурамжылоо өткөрүшмөкчү. Бирок, Сивил Жоржиа сайтынын хазышынча, оппозициялык коалиция ага ишеним көргөзбөй турганын билдирди. “Биринчиден, сурамжылоо өткөрүүгө эларалык уюмдар тартылбайт, экинчиден аны уюштурганы жаткан уюмдардын обективдүүлүгү күмөн жаратат”,-деп айтты республикалык партиянын мүчөсү Тина Хидашели.

Шайлоо кампаниясы тараптардын бири бирин айыптоолор менен коштолууда. Өкмөт оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыктарын тааныбайбыз деп, нааразылык чыгууларын азыртадан эле даярдап жатат десе, оппозиция өкмөт жана Саакашвили административдик ресурстарды пайдаланып, бурмалоолорго барат деп айыптоодо.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG