Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:02

Кыргызстандагы бир катар саясий партиялар өткөн жылкы референдумда кабыл алынган Конституцияга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү зарыл деген маселени көтөрө башташты. Партия өкүлдөрүнун айтымында, ага Кыргызстандын акыркы конституцияларын иликтөөгө алган Европа комиссиясынын бүтүмү түрткү берет.

Кыргызстандын акыркы бир жыл ичинде үч жолу кабыл алынган Конституциясын кайрадан карап чыгып, өзгөртүү киргизүү демилгеси алгач жыйырмага жакын саясий партия жана коомдук уюмдардын башын бириктирген “Акыйкат үчүн” кыймылын түзүү жыйынында көтөрүлгөн. Кыймылга мүчө “Таза коом” саясий партиясынын лидерлеринин бири Табылды Акеровдун айтымында, буга Венеция комиссиясынын Конституция боюнча чыгарган бүтүмү түрткү берет. Анткени, комиссия анда “Кыргызстандын парламенти өлкө президентинин укук-милдеттерине тең ата боло тургандай күчкө ээ эмес” деп, конституциялык реформа боюнча талаштын башы бир гана президент, өкмөт жана парламенттин ортосунда укук- милдеттерди бөлүштүрүүдөн чыккан деген жыйынтыкка келген. Мына ушундан улам “Акыйкат үчүн” кыймылынын ичиндеги “Коомдук парламент” Конституция баш болгон бир катар маанилүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин президент менен парламентке жолдойт дейт “Таза коом” партиясынын лидерлеринин бири Табылды Акеров:

- Коомдук парламент өзүнүн отурумдарында тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү долбоорлорун иштеп чыгып, аны кабыл алууну Жогорку Кеңештен талап кылат. Ошондой эле Конституцияга да өзгөртүү, толуктоолорду киргизүүнү талап кылат. Анткени, Венеция комиссиясы биздин Баш мыйзамды карап чыгып, анда президенттик бийликтин өтө күчтөндүрүлгөнүн жана ал жоболор дүйнөдөгү башка өлкөлөрдүн Баш мыйзамдарынан көчүрүлүп туруп президенттин бийлиги өтө күчтөнүп калгандыгын баса белгилеген.

Конституция кабыл алынган референдумдан кийин эле аны өзгөртүү зарылдыгын дароо “Ар намыс” партиясы билдирген. Партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырованын баамында, бирок Конституцияга өзгөртүү киргизүү талабын бийлик түзгөн “Ак жол” партиясынан куралган парламенттин карашы күмөн:

-Эми азыр парламентте ал талаптарды карай турган күч жок. Парламентке оппозициялык маанайдагы же Конституцияны өзгөртүү боюнча өз сунуштарын берген партиялар келсе каралмак. Эми азыр ким карайт? Эч ким карабайт. Бирок биз кандай болгон күндө да парламентке кайрылабыз ,- дейт Б.Мамырова.

Кыргызстандын Адилет министри Марат Кайыпов болсо Конституцияны өзгөртүү маселесин козгоонун азыр зарылдыгы жок деген пикирде. Анткени, Венеция комиссиясынын бүтүмү эгемен мамлекеттер сөзсүз аткарчу милдет эмес дейт Марат Кайыпов:

- Венеция комиссиясынын корутундусу башка мамлекеттер сөзсүз түрдө аткара турган корутунду эмес. Экинчиден, Венеция комиссиясынын корутундусуна таянып, ошону шылтоо кылып эле кай бир саясий партиялардын жетекчилери Баш мыйзамга кайрадан тийише бергенин токтотсо жакшы болмок. Анткени, Кыргызстанга саясий туруктуулукту араң алып келдик.

Марат Кайпов мындан тышкары референдум жолу менен кабыл алынган Конституцияны эл гана референдум аркылуу өзгөртө алаарын эске салды.

“Акыйкат үчүн” кыймылы жалгыз эле Баш мыйзам эмес Шайлоо Кодексине, “Саясий партиялар”, “Мамлекеттик кызмат” сыяктуу мыйзамдарды да өзгөртүү зарылдыгын билдирүүдө. Анткени, мурунку бийлик тушунда кабыл алынган айрым мыйзамдарды азыркы бийлик өз кызыкчылыгына эптүү пайдалана баштады дейт “Таза коом” партиясынын лидерлеринин бири Табылды Акеров:

- Маселен, “Мамлекеттик кызматкерлер” жөнүндөгү мыйзам бар. Ошол мыйзамда мамлекеттик кызматкер кайсы бир саясий партиянын мүчөсү боло албайт деген талап бар. Албетте, бул Акаевдин бийлиги өкүм сүргөн мезгилде кабыл алынган мыйзам. Бирок, азыркы бийлик ушул мыйзамды өтө пайдаланып, жакында эле өкмөт курамын түзүүдө Социал-демократтар партиясындагы министрлерди кызматтан алды. Ал эми ошол Социал-демократтар партиясынан чыгып алган Акылбек Жапаров башка министрликти жетектеп, министрлик кызматын сактап кала алды. Ошондуктан, ушул мыйзамды да карап чыгып, өзгөртүүлөрдү киргизиш керек.
XS
SM
MD
LG