Жер титирөөдөн жабыр тарткан оштук тургундар үчүн бүгүн облустун беш району көмүр топтоп жатат. Ош шаарына барып, андагы абал менен таанышып келген облус жана шаар-район жетекчилиги азырынча ал жакка 50 тоннадай көмүр жеткирип берүү чечимине келишкен. 10 машинага жүктөлгөн көмүр эртең зилзала болгон аймакка жеткирилип берилмекчи. Мындай маалымат губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбановдон алынды. Чукул кырдаал министрлигинин облустук бөлүмүнө бүгүн түшкөн алдын ала маалыматтар боюнча 1-январь түнү болгон жер титирөөдө Аксы районундагы бир орто мектеп менен кыргыз-өзбек чегара маймагында турган Дейрес кыштагынан 21 үй залал тарткан, 2 үй жашоого жараксыз болгон. Чыгымдын өлчөмү 948 миң сом деп бааланууда. (YA)